Жээнбеков: Россия менен бирге алдыга жылгыбыз келет

© Sputnik / Табылды КадырбековГосударственный визит Владимира Путина в Кыргызстан
Государственный визит Владимира Путина в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Чолпон-Ата шаарында жаш лидерлер менен жолукту.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан менен Россиянын жаш лидерлер форумунун катышуучуларына жолугуп, алар менен эркин маектешти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков Россиянын президенти Владимир Путиндин 2019-жылдын март айындагы Кыргызстанга болгон сапарында эки тараптуу алака-катнаштын көп маселелери, анын ичинде Кыргызстан жана Россия жаштарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси да талкууланганын эске салды.

Президент бул форум эки өлкөнүн жаштарынын мындан аркы кызматташтыгы үчүн мыкты негиз болоруна ишеним билдирди.

"Бизди Россия менен тарыхый достуктун, союздаштыктын жана өз ара урматтоонун бекем салттарына негизделген ишеничтүү мамилелер байланыштырып турат. Мен мурда бир нече жолу айткам, азыр да кайталайм: Россия — биз үчүн жакын, ишенимдүү жана стратегиялык өнөктөш. Биз Россия менен бирге алга жылгыбыз келет, эки элдин жыргалчылыгы үчүн биздин мамилелерди өркүндөткүбүз жана бекемдегибиз келет", — деди Жээнбеков.

Президент маектешүү учурунда өзүнүн жаш лидерлер менен Ысык-Көлдө жолугушуп жатканы символикалуу экенин баса белгиледи.

"Улуу жазуучу гуманист, философ, планетардык масштабдагы инсан, биздин атактуу жердешибиз Чыңгыз Айтматов Ысык-Көлдүн жээгинде иштегенди жакшы көргөн. Анын "Ар бир адамдын алдында милдет бар — ал бүгүн, эртең жана ар дайым адам болуу" деген сөздөрү ар бирибиз үчүн актуалдуу. Силер бүгүн тарыхты жасап жаткан жаштарсыңар! Силер биздин өлкөлөр ортосундагы жемиштүү кызматташуу салттарын улантасыңар деп ишенем", — деди мамлекет башчы.

Форум молодежных лидеров Кыргызстана и России - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев Кыргызстан менен Россия жаштарын эмне бириктирип турарын айтты
Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондусу чакан жана орто бизнести баштоочулар үчүн стартаптардын алкагында ишкерликти өнүктүрүү боюнча жаштардын демилгелерин колдоп, 70 миллион сом бөлгөнү белгиленди.

Эске салсак, жаш лидерлердин форуму өз ишин 25-июлда Бишкек шаарында баштаган. Ал 30-июлга чейин Чолпон-Ата шаарында уланат. Бул иш-чараны Россиянын Жаштар иштери боюнча федералдык агенттик менен Кыргызстандын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги уюштурду.

Форумдун жыйынтыгы боюнча 2020-жылы Кыргызстандын Россиядагы жана Россиянын Кыргызстандагы жылын белгилөө иш-чараларынын планын иштеп чыгуу болжонууда.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0