Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстандын биринчи президенти  Нурсултан Назарбаев. Архивдик сүрөт

Жээнбеков Назарбаев менен сүйлөштү. Ортодо эмне кеп болду?

351
(жаңыланган 10:08 01.08.2019)
Баарлашуу телефон аркылуу болгон.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү тууралуу маалымат Елбасынын расмий сайтына жарыяланды.

Пикир алышуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык багыттагы кызматташуунун өнүгүүсүн белгилешти.

Мындан тышкары, аймактагы маанилүү маселелер талкууланганы айтылат.

Жээнбеков менен Назарбаев эки элдин кызыкчылыгы үчүн кыргыз-казак мамилелерин мындан ары тереңдетүү боюнча макулдашышкан.

351
Белгилер:
сүйлөшүүлөр, телефон, Сооронбай Жээнбеков, Нурсултан Назарбаев
Тема боюнча
Жээнбеков Чолпон-Атада Рахмон менен жолукканда эмне деди? Жолугушуунун сүрөтү
Путин Атамбаев менен жолукканын тастыктап, ортодо эмне кеп болгонун айтты