УКМК Бакиевдерди колдогон ЖМКларга эскертүү берди

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүКурманбек Бакиев. Архивное фото
Курманбек Бакиев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Комитет жарыяланган материалдардын кесепети оор болушу мүмкүн экенин айтты.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы Кыргызстанда өлкөнүн качкын президенти Курманбек Бакиевди жана анын жакындарын колдогон материалдар байма-бай жарыяланып жатканын белгилөөдө.

Эске салсак, 30-июлда айрым телеканалдар качкын президент Курманбек Бакиев менен анын жакындары тууралуу берүүнү көрсөтүшкөн.

Билдирүүдө авторлор мындай кадамдардын кесепети кандай болорун толук түшүнбөй жатканы айтылган.

"УКМКнын жарыяланган материалдардын авторлоруна коомчулукта чыңалууну өбөлгөлөй турган аракеттерге жол берилбей турганын эскертчү укугу бар", — деп айтылат маалыматта.

Комитет Бакиев менен анын жакындарына 2010-жылдын 7-апрелинде болгон окуялар боюнча өтө оор кылмыштарды жасаганы үчүн сот тарабынан күнөөлөгөн өкүм чыкканын белгиледи. Айыпкерлердин баары издөөгө алынган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0