Жээнбеков президенттикке киришкенде кандай убада бергенин айтты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент КР Сооронбай Жээнбеков встретился с семьями погибших, пострадавших лиц и участников народной Апрельской революции 2010 года
Президент КР Сооронбай Жээнбеков встретился с семьями погибших, пострадавших лиц и участников народной Апрельской революции 2010 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы Чүй облусунда жумушчу сапары менен болду.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Чүй облусундагы Панфилов районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда элдин суроолоруна жооп берип жатып, "бир ууч топтун жеке кызыкчылыгына каршы чыгышым мүмкүн, бирок элимдин кызыкчылыгына каршы чыкпайм" деп баса белгиледи. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков "бир ууч топко кызмат кылам, алардын кызыкчылыгын коргойм, уурулугун жашырам" деп убада бербегендигин билдирди.

"Мен элдин ишенимин алып, элдик президент болом деп убада бергем. Президенттик ишим аяктагандан кийин эл ичинде таза абийирим, ийгиликтерим менен калууну максат кылам.  Элимдин кызыкчылыгы, мамлекетибиздин кызыкчылыгы мен үчүн баарынан кымбат", — деди ал.

Өлкө башчынын сапары бир күнгө созулду.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0