Суу ресурстарын эми жаңы агенттик тескемей болду

CC0 / jamie_nakamura / Тоо суусу. Архив
Тоо суусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы мекеме эмне иштерди кыла турганы да такталды.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Кыргызстанда суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Это должен видеть каждый отдыхающий на Иссык-Куле. Ужасные кадры со дна озера - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө эс алгандар көрүшү керек. Суу астындагы көңүл айныткан кадрлар
Суу ресурстары агенттиги мамлекеттик суу саясатын ишке ашыруу, башкаруу иш-чараларын координациялоо, суу ресурстарын колдонуу жана коргоо, аларга мониторинг жүргүзүү боюнча иш алып барат. Андан сырткары, жер алдындагы суулардын режимин жана абалын изилдөө, айылдарды ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу да анын милдетине кирет.

Ошону менен бирге климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу тобокелдиктерди жумшартуу чаралары көрүлүп, учурдагы объектилердин коопсуздугун камсыздоо жана жаңысын куруу, ошондой эле коллектордук-дренаждык түйүндүн абалын пландаштыруу жана жакшыртуу боюнча мамлекеттик координация жүргүзүлөт.

Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигин түзүүдө республикалык бюджеттен кошумча каражат талап кылынбайт.

Эске салсак, өкмөт башчынын башка чечими менен Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиги да түзүлгөн.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0