Права на вождение тачки

Автоунаа ээлерине жаңы техпаспорт бериле баштады. Эскисин алмаштыруу керекпи

432
(жаңыланган 15:47 01.08.2019)
Мурдагы күбөлүктөрдү алмаштыруунун зарылдыгы жок.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы 26-июлдан тарта автоунаанын жаңы үлгүдөгү күбөлүгүн бере баштады. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

"Жаңы күбөлүктү автоунаасын 26-июлдан тарта каттоого тургузгандар ала баштайт. Мурдагы күбөлүктү алмаштыруунун зарылдыгы жок. Ал эми 2019-жылдын 10-июнунан тарта убактылуу күбөлүк алган жарандар алмаштыруусу керек. Ал үчүн жаңы бланктын баасын, тагыраагы, 192 сом төлөп коюу жетиштүү", — деп айтылат билдирүүдө.

Жаңы документ жакшыртылган жасалгасы жана коргоочу элементтердин (20 элемент) көптүгү менен айырмаланат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ГП «Инфоком» (@infocom_kg)

Маалыматта айтылгандай, бланктар жакшыртылганы менен баасы мурдагыдан төрт эсе арзанга турду. Ошондой эле эсеп улуттук валюта менен жүргүзүлгөн. Мисалы, мурда бир күбөлүк 10 еврого (800 сомдун тегереги) бааланчу. Азыр анын баасы, жогоруда айтылгандай, 192 сом болуп калды.

Баса, жаңы үлгүдөгү күбөлүк Кыргызстан мүчөлүк кылган Жол эрежелери боюнча Вена конвенциясынын бардык талаптарына жооп берет.

432
Белгилер:
үлгү, күбөлүк, Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков

Абалы кескин начарлап кеткен. Чыныбай Турсунбеков реанимацияда үзүлгөн

2026
(жаңыланган 14:11 07.07.2020)
Депутат Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө түшүп, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган эле.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков пневмониядан улам каза болду. Бул туурасында Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу билдирди.

Анын айтымында, депутат Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө дарыланып, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган болчу.

“Мурдагы күнү жубайы менен сүйлөшкөнүмдө “абалы жакшырып баратат, бир-эки күндө аппараттан чыгарылат” деп айткан эле. Кечээ абалы кескин оорлошуп кетиптир. Кечинде жандандыруу бөлүмүндө үзүлгөн”, — деди Нуракун уулу.

Чыныбай Турсунбеков 57 жашта! Белгилүү саясий ишмер тууралуу 9 факты

Чыныбай Турсунбеков 1960-жылдын 15-октябрында Нарын облусунун Нарын районундагы Жан-Булак айылында туулган. Артында үч баласы калды.

Ал кесиби боюнча филолог. Эмгек жолун журналист жана окутуучу болуп баштаган.

1997-жылдан 2010-жылга чейин — "Акун" ЖАКтын башкы директору, "Бишкек ун комбинаты" ААКнын башкы директору, "Кереге" ишканасынын Директорлор кеңешинин төрагасы, Кыргызстан ишкерлер бирлигинин президенти, Кыргыз-түрк ишкерлер кеңешинин тең төрагасы болуп эмгектенген.

Андан соң КСДПнын тизмеси менен Жогорку Кеңештин V-VI чакырылыштарынын депутаты болгон.

2016-жылдын апрелинде ЖК төрагасы болуп шайланып бир жарым жыл иштеген.

2026
Белгилер:
өлүм, пневмония, оорукана, Чыныбай Турсунбеков, депутат
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Белгилүү журналист Бүбүкан Досалиева дүйнө салды
Алмамбет Шыкмаматовдун жубайы Жанара Турдакунова пневмониядан каза болду
Депутат Чыныбай Турсунбеков

Депутаттар ЖКнын экс-спикери Чыныбай Турсунбековдун каза болгонун айтууда

972
(жаңыланган 01:12 07.07.2020)
Чыныбай Турсунбеков 60 жашта. Буга чейин ал пневмония оорусуна чалдыгып ооруканада жатканы айтылган.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков каза болду  деген маалыматтарды бир катар ЖМКлар, ЖКнын бир нече депутаттары социалдык тармакка жазышты. Ал эми ЖКнын маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу  журналисттер жана башкаларды сабырдуулукка чакырып, маалыматтын тастыктала электигин айтты.

“Чыныбай Акунович... Бейиштен орун берсин. Жакындарына көңүл айтам. Дагы бир мыкты инсан арабыздан кетти..., — деп жазды депутат Кожобек Рыспаев.

Эльвира Сурабалдиева жана Дастан Бекешев да социалдык тармакта көңүл айтты.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин айтымында, Турсунбеков Бишкектеги Улуттук госпиталдын тез жардам терапия бөлүмүндө көз жумган.

Чыныбай Турсунбеков 57 жашта! Белгилүү саясий ишмер тууралуу 9 факты

Турсунбеков буга чейин пневмония оорусуна чалдыгып, абалы оор экенин айрым ЖМКлар жазышкан.

"Депутат жакынкы күндөрү өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратынан чыгып, үйүнөн дарыланууга уруксат берилиши күтүлүүдө. Жалпы абалы жакшы жана стабилдүү. Алдын ала диагнозу пневмония. Коронавируска карата ПЦР-тести таза чыккан", — деп жазган эле Нуракун уулу.

Чыныбай Турсунбеков 60 жашта эле, Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын төрагасы болуп иштеген.

972
Белгилер:
пневмония, өлүм, депутат, Чыныбай Турсунбеков
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Белгилүү журналист Бүбүкан Досалиева дүйнө салды
Алмамбет Шыкмаматовдун жубайы Жанара Турдакунова пневмониядан каза болду
Премьер-министр Кубатбек Боронов. Архивдик сурөт

Силерсиз ооруну жеңе албайбыз! Боронов медициналык билими барларды ишке чакырды

0
(жаңыланган 15:27 07.07.2020)
Өкмөт башчы Саламаттык сактоо министрлигине кыска убакытта адистерди даярдоо боюнча тапшырма бергендигин жана Россиядан дагы 50 кыргыз дарыгери келе тургандыгын айтты.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Өкмөт башчы Кубатбек Боронов брифинг учурунда дарыгерлер менен медайымдардын жетишпей жатканын айтып, медициналык билими барларды ишке чакырды.

Анын айтымында, бейтаптар үчүн даярдалган орундар медицина кызматкерлеринин тартыш болгондугунан улам ачылбай турат.

Боронов: COVID менен күрөшкөн медиктер 72 миң сомго чейин кошумча акы алат

"Бүгүн медицина тармагындагы кадр маселесин чечүүгө аракет кылып жатабыз. Бейтаптар үчүн билим берүү мекемелеринде 750гө жакын орундук даярдалган. Тилекке каршы, ак халатчандардын жетишсиздигинен улам аларды ишке бере албай жатабыз. Азыр көпчүлүк медициналык жайларда дарыгерлер тартыш болууда. Бардык дарыгерлер менен медайымдарды жумушка чакырам. Азыр пульмонолог, терапевт, реаниматолог, кардиолог, инфекционисттер өтө керек. Айлык акы категорияларына жараша 70 000 сомго чейин төлөнүп берилет. Биз силерсиз пандемиядан арылып, адамдардын өмүрүн сактай албайбыз", — деди Боронов.

Премьер-министр ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигине кыска убакытта адистерди даярдоо боюнча тапшырма бергендигин жана Россиядан дагы 50 кыргыз дарыгери келе тургандыгын кошумчалады.

"Медициналык билими барларды ишке чакырам. Андай адамдар болсо, Саламаттык сактоо министрлигине кайрылгыла. Бир айбы же бир жылбы, айтор, эмгек келишими түзүлүп, иштеген акысы төлөнүп берилет", — деди өкмөт башчы.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

0
Белгилер:
медик, брифинг, Кубатбек Боронов, коронавирус, Кыргызстан
Тема боюнча
Биз болбосок ким?! Жетекчи спортчуларды COVID менен күрөшүүгө жардамга чакырды
Финпол бааны жогорулаткан фарм-компаниянын жетекчилерине иш козгоду
Кычкылтек концентратору деген эмне, кандай максатта пайдаланылат? Түшүндүрмө