Премьер-министр Кыргызстана Мухаммедкалый Абылгазиев и глава правительства Узбекистана Абдулла Арипов в Бишкеке

Өзбекстандын өкмөт башчысы менен талкуулана турган маселелер аталды

92
(жаңыланган 11:45 05.08.2019)
Өзбекстандын өкмөт башчысы 1-августта жумушчу сапары менен Бишкекке келген.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун Кыргызстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында эки тарапка тиешелүү бүт маселелер талкууланат. Бул туурасында вице-премьер Жеңиш Разаков журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, биринчи кезекте чек араны делимитациялоо маселеси каралмакчы. Андан соң эки тараптуу экономикалык кызматташуу, чек арадагы өткөрмө пунктулардын иштөө тартиби талкууланат. Ошондой эле Орто-Токой суу сактагычын мындан ары иштетүү тартиби боюнча келишимди ишке ашыруу күн тартибине киргизилген.

Разаков учурда Өзбекстан тарап да, Кыргызстан да чек ара маселесин чечүүгө кызыкдар болуп жатканын маалымдады. Айрым көйгөйлүү тилкелер сүйлөшүү тартибинде чечилмекчи. Ал эми жер алмашуу маселеси каралбай турганын белгиледи.

Жолугушуулар тар жана кеңири чөйрөдө өтөт.

Өзбекстандын өкмөт башчысы бүгүн, 1-августта, жумушчу сапары менен Бишкекке келген.

92
Белгилер:
өкмөт, жолугушуу, чек ара, Өзбекстан, Абдулла Арипов
Тема боюнча
Эмомали Рахмонду “Ысык-Көл” аэропортунда кантип тосуп алышты. Сүрөттөр