Жээнбеков Өзбекстандын өкмөт башчысы Арипов менен жолукту

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРабочий визит премьер-министра РУз Абдуллы Арипова в Бишкек
Рабочий визит премьер-министра РУз Абдуллы Арипова в Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Арипов өлкө башчысына Шавкат Мирзиёевдин саламын жолдоду.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга иш сапары менен келген Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповду кабыл алганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, коңшу өлкөнүн өкмөт башчысы Бишкекке 1-августта келген.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга иш сапары менен келген Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповду кабыл алды
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга иш сапары менен келген Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповду кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
1/2
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга иш сапары менен келген Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповду кабыл алды
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЭскерте кетсек, коңшу өлкөнүн өкмөт башчысы Бишкекке 1-августта келген.
Эскерте кетсек, коңшу өлкөнүн өкмөт башчысы Бишкекке 1-августта келген. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Эскерте кетсек, коңшу өлкөнүн өкмөт башчысы Бишкекке 1-августта келген.
1/2
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга иш сапары менен келген Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповду кабыл алды
2/2
Эскерте кетсек, коңшу өлкөнүн өкмөт башчысы Бишкекке 1-августта келген.

Жолугушууда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, анын ичинде чек ара, энергетика, аймактар жана парламенттер аралык кызматташуу маселелери талкууланды.

Сүйлөшүү учурунда Жээнбеков кыргыз-өзбек кызматташтыгын тереңдетүү өлкөнүн тышкы саясаты үчүн дайыма артыкчылыктуу багыт катары караларын билдирди.

"Президент бардык тиешелүү маселелер өз ара пайдалуу шарттарда чечилүүсү керектигин баса белгилеп, Өзбекстан менен эки тараптуу гана эмес, көп тараптуу кызматташууга да кызыкдар экендигин айтты. Ошондой эле кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча тараптардын ишин канааттануу менен белгилеп, Кыргызстан жана Өзбекстандын чектеш аймактарынын ортосундагы кызматташуусун мындан ары тереңдетүү зарылдыгын кошумчалады", — деп айтылат билдирүүдө.

Рабочий визит премьер-министра Узбекистана Абдуллы Арипова в КР - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Өзбекстанды эмне байланыштырып турат. Саресеп
Өз кезегинде Абдулла Арипов Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин саламын жолдоп, эки мамлекет башчыларынын жасаган аракеттеринин натыйжасында эки өлкөнүн мамилелери жаңы, сапаттуу деңгээлге чыкканын, соода-экономикалык мамилелерде алгылыктуу өсүү болгонун баса белгиледи.

Маалыматта президенттер тарабынан белгиленген эки өлкө ортосундагы бардык маселелер, анын ичинде Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсүн бир миллиард долларга чейин жеткирүү боюнча да өкмөттүк деңгээлде иш жүргүзүлүп жатканы белгиленет.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0