Дмитрий Медведев Чолпон-Атага келет. Себеби

© Sputnik / Дмитрий Астахов / Медиабанкка өтүүРабочий визит премьер-министра РФ Д. Медведева в Казахстан
Рабочий визит премьер-министра РФ Д. Медведева в Казахстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия өкмөтүнүн төрагасы Медведев 9-август күнү Чолпон-Атага келет.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Россия өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев 9-август күнү Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин Чолпон-Атадагы жыйынына катышат. Бул тууралуу Россиянын министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Государственный визит президента РФ В. Путина в Киргизию - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Путинге Россиядагы кыргызстандыктарды колдогону үчүн ыраазы болду
Анда Евразиялык экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) интеграциялык өз ара аракеттенүүсү, уюм алкагында улуттук жөнгө салууну өнүктүрүү маселелери каралат. Ошондой эле ЕАЭБдин жалпы финансылык рыногун түзүү, өндүрүш, санариптик экономика тармактары боюнча келечектүү демилгелерди иштеп чыгууга да көңүл бурулат.

Отурумда коркунучтуу калдыктарды биримдиктин бажы аймактарынан өткөрүү боюнча транс чек аралар аралык келишимге кол коюлуусу күтүлүүдө, Бажы биримдигине мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынын бирдиктүү коллегиясы боюнча 2011-жылдын 22-июнунда кабыл алынган келишимине өзгөртүүлөрдү киргизүү протоколу кабыл алынат. Мындан сырткары, ЕАЭБдин алкагында чек аралык маалыматтарды алмашуу концепциясы бекитилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0