Кызматын чоңойтуп Кытайга жөнөгөн бөлүм башчынын ишин комиссия иликтейт

© Sputnik / Табылды КадырбековАйыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде бөлүм башчы Анаркүл Беккулиева
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде бөлүм башчы Анаркүл Беккулиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бөлүм башчы Анаркүл Беккулиева министрдин орун басары рангы менен Кытайга командировкага аттанып жаткан.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Бөлүм башчынын "министрдин орун басары" деген ранг менен Кытайга жөнөтүлүшү боюнча Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде комиссия түзүлдү. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Комиссия иликтөөнүн жыйынтыгын эртең, 6-августта, кечке чейин жарыялай турганын белгиледи.

Буга чейин аталган министрликтин экспорт бөлүмүнүн башчысы Анаркүл Беккулиеваны министрдин орун басары рангы менен Кытайдагы эл аралык жарманкеге жөнөтүүгө белсенип жатканы боюнча маалымат тараган.

Директор Госагентства охраны окружающей среды и лесного хозяйства Абдыкалык Рустамов - Sputnik Кыргызстан
Сындан башы чыкпай... Пара менен кармалган Рустамовдун алешем иштери
Мындай документке министрдин орун басары Амангелди Исаев кол койгон. Мындан улам кытай тарап "Чын эле бөлүм башчынын министрдин орун басары рангы барбы?" деп Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине сурап жөнөткөнү белгиленет. ТИМ учурда маселени тактоодо.

Бул иш боюнча министр Эркинбек Чодуев да, документ кол койгон Амангелди Исаев да жооп бербей жатат.

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева пост жазып, "министрлик өлкөнү эл аралык деңгээлде уят кылды" деп сыпаттады.

Анаркүл Беккулиева мурда азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүн жетектеген. Жакында эле жаңы түзүлгөн экспорт бөлүмүнүн башчылыгына дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0