БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. 9-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразиялык экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин премьерлеринин өкмөттөр аралык кеңешинин мааракелик жыйыны өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, жыйын тар жана кеңири курамда өтүп, күн тартибине 15 маселе киргизилген. Ичинде транс чек аралык кызматташуу, агрардык өнөр жай комплекстерин өнүктүрүүнүн биргелешкен божомолдору, алкоголдук рынокту жөнгө салуу жана башка маселелер бар.
Жыйындын соңунда бир катар документтерге кол коюлат. Өкмөт башчылардын эки жактуу жолугушуулары да болот.
Андан сырткары, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин премьер-министрлери президент Сооронбай Жээнбеков менен да жолугушмакчы.
Эске салсак, ЕАЭБге Россия, Казакстан, Армения, Белоруссия, Кыргызстан кирет.