Айыл чарба министрлиги бөлүм башчыга байланышкан чууну төгүнгө чыгарды

© Sputnik / Табылды КадырбековАйыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин экспорт бөлүмүнүн башчысы Анаркүл Беккулиева. Архив
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин экспорт бөлүмүнүн башчысы Анаркүл Беккулиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Комиссия "министрлик бөлүм башчынын министрдин орун басары рангы бар деген кат жөнөткөн эмес" деп тыянак чыгарган.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде кызматын чоңойтуп Кытайга жөнөгөн бөлүм башчынын ишин иликтеген комиссия ишинин жыйынтыгын чыгарды.

Маалыматта комиссия иликтөө учурунда кызматын чоңойтту делген экспорт бөлүмүнүн башчысы Анаркүл Беккулиеваны таппай койгону айтылат.

"Беккулиева 15-июлдан тарта эмгек өргүүсүнө чыккан. Учурда аны менен байланыша албай жатабыз", — деп айтылат маалыматта.

Корутундуда Кытайдан келген алгачкы катка министрдин орун басары деген ранг тууралуу жазылбаганы айтылат.

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку жетекчиси Алина Шаикова. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК издеген Шаикова эмнеси менен белгилүү. Кызыктуу 7 факты
"25-июнда министрдин орун басары Жаныбек Керималиев "XXI кылымдагы Деңиз Жибек Жолу" жарманкесине барчу адамдарды бекитип, чакырууга жооп жөнөткөн. Ага ылайык, бөлүм башчы Анаркүл Беккулиева жана "Айкын-Сейил" ЖЧКсынын директору Турсун Айкын бармак болгон. Ал кат ТИМ аркылуу эмес, Уюштуруу комитетинин катчылыгына жиберилген. Бул жерде мыйзам бузуу болгон эмес", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми "бөлүм башчы министрдин орун басары деген ранг менен командировкага жөнөтүп жатат" деген документти төгүнгө чыгарышкан.

"Министрдин орун басары Амангелди Исаевдин колу коюлуп Анаркүл Беккулиева бөлүм башчы катары иштегенин тастыктаган маалым кат фирмалык бланкасы жок министрликтин кадр секторуна жиберилген. Бирок ошол эле маалым кат жарманкенин уюштуруу комитетине министрдин орун басары рангында деп фирмалык бланк менен жөнөтүлгөн. Ал катты министрлик жиберген эмес", — деп тыянак чыгарган комиссия.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган министрлик экспорт бөлүмүнүн башчысы Анаркүл Беккулиеваны министрдин орун басары рангы менен Кытайдагы эл аралык жарманкеге жөнөтүүгө белсенип жатканы боюнча маалымат тараган.

Тыйын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эң начар жана эң мыкты иштеген мамлекеттик органдар аталды. Тизме
Мындай документке министрдин орун басары Амангелди Исаев кол койгон. Мындан улам кытай тарап "Чын эле бөлүм башчынын министрдин орун басары рангы барбы?" деп Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине сурам жөнөткөнү белгиленет. ТИМ учурда маселени тактоодо.

Бул иш боюнча министр Эркинбек Чодуев да, документке кол койгон Амангелди Исаев да жооп бере элек.

Анаркүл Беккулиева мурда азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүн жетектеген. Жакында эле жаңы түзүлгөн экспорт бөлүмүнүн башчылыгына дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0