Депутат Асел Кодуранова көзүнө жаш алып бийликке кайрылды. Видео

Жазылуу
Эл өкүлү учурда абал чыңалып турганын жана кырдаал дээрлик көзөмөлдөн чыгып кеткенин айтты.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова көзүнө жаш алып, бийликке жана мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековго кайрылды.

Анын айтымында, 7-августта кечки саат сегиздер чамасында атайын даярдыктагы аскерлер Атамбаевди кармоо боюнча операция баштаган.

"Абал абдан чыңалып турат. Жай тургундар да, аскерлер да жаракат алышты. Желим жана аскерий октор менен атышты. Эгер азыр бийлик буларды токтотпосо, абал абдан оор болот. Андыктан, бийликке бул башаламандыкты токтоткула деп кайрылгым келет. Мыйзам талаасына киргиле. Мындай кылган болбойт. Бизге 2010-жылдын 7-апрелинде болгон окуя эле жетет", — деп көзүнө жаш алды.

Ал, андан сырткары, бийликтен Кой-Ташта жүргөн күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүн алып кетишин талап кылды.

Штурм дома Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш  - Sputnik Кыргызстан
Кой-Таштан жаракат алган бир жоокер каза тапты
"Алмазбек Атамбаев тергөөнүн бардык суроолоруна жооп берерин айтууда. Бирок ал үчүн бийлик мыйзам талаасына кириши керек. Бийлик өзү мыйзамды бузду. Тынчтангыла. Абал дээрлик көзөмөлдөн чыгып кетти", — деди депутат.

7-августта УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн басып киришкен. Анда ок атылып, ондон ашык киши түрдүү жаракаттарды алган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы берген маалыматы боюнча, жаракат алгандардын саны 15 кишиге жеткен. Өз кезегинде УКМК элге ок чыгарбаганын айтууда.

Ал ортодо Кой-Ташка бараткан жолдо жай тургундар менен күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү кагышып, милиция элдин жоон тобун Атамбаевдин үйү жакка өткөрбөй койду.

Жаңылыктар түрмөгү
0