Алмазбек Атамбаев бийлик менен элге кайрылуу жасады

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
7-август күнү кечинде Атамбаевди кармоо операциясы жүрүп, ишке ашпай калган.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Алмазбек Атамбаев "Апрель" телеканалы аркылуу кыргызстандыктарга жана бийликке кайрылып, билдирүү жасады.

"Урматтуу кыргызстандыктар, мен силерге кайгы менен кайрылып жатам. Мына бүгүн бийлик мыйзамсыз түрдө, Конституцияны бузуп, мени колго түшүрүш үчүн, Атамбаевдин оозун жабыш үчүн бүгүн кирип келип өз элин атты. Биринчи желим октор менен, андан кийин аскерий октор менен атышты", — деди мурунку президент.

Атамбаев өз сөзүндө элди коркутуу үчүн бийлик атайын спецназды жөнөткөнүн белгиледи.

"Биринчиден, бул абдан уят, кайгылуу нерсе. Экс-президент Атамбаев террорист эмес, анын тегерегинде чогулган эл да террорист эмес. Бир тобу адаттагыдай жети жарымда мени менен жолугайын деп келген болчу. Бир топ күнөөсүз жарандарыбыз жаракат алды. Мен акыркы айдын ичинде бир канча жолу айттым, Батукаевдин иши боюнча кагаз түрүндө бардык суроолорго жооп берейин дедим. Керек болсо гезит-сайттарга чыгаралык, андай болбойт десеңер кепилдик берип ИИМ үчүн гана жазып берейин дедим. Батукаевдин ишинде мен тараптан эч кандай коррупциялык иштер жок. Аны Сооронбай Жээнбеков өзү жакшы билет, аны өзүнө айтып бергем. Кандай бети жоктук", — деди Атамбаев. 

Мурунку президент элге ок атуу уят, ыплас нерсе экенине токтолду.

"Дагы бир жолу бийликке айтарым, токтогула, аягы жаман бүтөт. Кыргыз эли эч качан адилетсиздикке чыдап, тизелеп жашабайт. Калптын баарына бир жыл ишенди, бир жарым жыл ишенди. Азыр ишенбейт. Кыргыз эли көп улуттуу. Алар колхоздун койлору эмес, тизелеп жашаганча кыргыздарга өлүм артык", — деди Атамбаев.

Ал кыргыз эли бир кланга, бир үй-бүлөгө кул болбой турганын белгилеген.

"Бийлик ошону ойлонуп, акылына келип, кеч боло электе эсине келсе болот эле. Күч органдарынын офицерлерине да кайрылат элем, өз элиңерди атпагыла, силерге буйрук бергендер качып кетет, силер катуу жооп берип каласыңар. Силер антты азыркы үйбүлөлүк режимге эмес, кыргыз элине бергенсиңер, ошону унутпагыла. Кыргыз эли эч качан тизелеп жашабайт. Дагы бир сөзүм, айланайын кыргыз элим, ушундай туруштук берип жатканыңарга ыраазымын. Силер бар үчүн, кудай колдогону үчүн мен да туруштук берип жатам. Мен үчүн намысым жанымдан артык. Бирок бийлик муну токтотуп, өз эли менен күрөшкөндү коюп, акыл-эсин жыйыш керек. Болбосо аягы абдан жаман бүткөнү турат", — деди мурунку президент.

Белгилей кетсек, Атамбаевди кармоо операциясы 7-августта Кой-Ташта өтүп, максатына жетпей калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0