ИИМ: Батукаевдин бошотулушуна Атамбаевдин түздөн-түз тиешеси болгон

© Sputnik / Табылды КадырбековМурунку президент Алмазбек Атамбаев. Архив
Мурунку президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кримтөбөл рак оорусу менен ооруйт деген негиз менен абактан бошотулган.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин түздөн-түз тиешеси болгон. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги тараткан маалыматта айтылат.

Ушу тапта Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу боюнча тергөө иштери уланып жатат.

"Иликтөө учурунда Атамбаевдин түз буйругу менен жалган кеселге кабылганын шылтоолоп Батукаевди бошотуу уюштурулганы аныкталган. Аламүдүн РИИБи тарабынан Атамбаевдин өкүлдөрүнө үч ирет суракка чакыруу кагазы тапшырылган. Бирок ал себепсиз эле суракка келген эмес", — деп айтылат маалыматта.

Алсыз жаткан спецназ жоокерлери. Атамбаевдин үйүнүн ичинен тартылган видео - Sputnik Кыргызстан
Алсыз жаткан спецназ жоокерлери. Атамбаевдин үйүнүн ичинен тартылган видео
Өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексинин 121-беренесине ылайык, суракка келүүдөн себепсиз баш тарткан шектүү тергөөчүнүн же соттун чечими менен суракка мажбурлоо менен алып келинет. Министрликтин маалыматында бул норма соттун катышуучуларынын баарына тиешелүү экени айтылат.

7-августта Атамбаевди кармоо боюнча Кой-Ташта операция жүрүп, ишке ашпай калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0