Президент Сооронбай Жээнбеков. Архивдик сүрөт

Президент Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүдө. Пресса чакырылган жок

1052
(жаңыланган 13:24 08.08.2019)
7-августта УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзгөн.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

"Прессанын катышуусусуз өтүп жаткан жыйындын күн тартибинде 2019-жылдын 7-августунда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу коопсуздукту жана тартипти камсыздоо маселеси каралып жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, 7-августта УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзгөн. Бирок ал өтөсүнө чыкпай калган.

Маалыматта Алмазбек Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча суракка алып келүү тапшырмасы УКМКнын кызматкерлерине берилгени айтылат. Бирок алар Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө келген учурда укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө карата курал жана башка буюмдарды колдонуу менен каршылык көрсөткөн. Андан сырткары, тергөөнүн жүрүшүнө тоскоолдук жаратуу үчүн массалык башаламандык уюштурулган.

УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлеринин бири ок жеп, ооруканада каза болду.

Атамбаевди кармоо боюнча операциянын экинчи күнү тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик трансляция жүргүзүүдө.

1052
Белгилер:
Кой-Таш, жыйын, Коопсуздук кеңеши, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков
Тема:
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү атайын операция (162)
Тема боюнча
Алсыз жаткан спецназ жоокерлери. Атамбаевдин үйүнүн ичинен тартылган видео
Атамбаевди кармоо операциясы. 2-күн. Учурда эмне болуп жатат
Кой-Таш айылына келген милиция кызматкерлери тобу менен кетип жатышат. Видео