Сооронбай Жээнбеков УКМК башчысынын отставкасын эмнеге кабыл албаганын айтты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВстреча Президента Сооронбая Жээнбекова с бывшими спикерами и премьер-министрами страны
Встреча Президента Сооронбая Жээнбекова с бывшими спикерами и премьер-министрами страны - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы бүгүн эртең менен президентке отставкага кетүү тууралуу арызын жазган.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаевди отставкага кетирбей турганын айтты.

Жээнбеков өз сөзүндө УКМКнын башчысынан отставкага кетүү тууралуу арыз алганын билдирди.

"Оор учурда отставкага кетип калуу оңой. Азыр отставкага кеткенден көрө коопсуздукту камсыздаш керек", — деди президент.

Выступление президента КР Сооронбая Жээнбекова на заседании ЖК - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: Атамбаев эми күбө эмес, оор кылмышка шектүү катары чакырылат
Белгилей кетсек, бүгүн, 8-августта, Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулган. Эл өкүлдөр мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоого болгон аракетти талкуулап жатышат.

7-августта кечинде УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармоо боюнча атайын операция жүргүзгөн. Бирок андан майнап чыккан эмес. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан 50дөн ашык киши жаракат алып, спецназдын бир жоокери каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0