Президент Жээнбеков Жогорку Кеңеште кайрылуу жасады. Толук тексти

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВыступление президента КР Сооронбая Жээнбекова на заседании Жогорку Кенеша
Выступление президента КР Сооронбая Жээнбекова на заседании Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул тапта Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүп жатат.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-августта, Жогорку Кеңештин жыйынында сөз сүйлөдү.

Төмөндө мамлекет башчынын сөзү келтирилди.

"Урматтуу мекендештерим! Урматтуу депутаттар! Кечээ, 7-августта, Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында Алмазбек Атамбаев КР Конституциясын жана мыйзамдарын өтө одоно бузду. Ок атуучу курал колдонуу менен мыйзамга каршылык көрсөттү. Сиздерге белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Башкы прокуратуранын корутундусунун негизинде Атамбаевди экс-президент статусунан ажыраткан. Атамбаевге коюлган айыптар боюнча фактылар Кылмыштардын жана бузуулардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Азыркы учурда тергөө органдары тарабынан Атамбаев менен байланыштуу беш кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп жатат. Тергөө учурунда дагы башка кылмыштардын изи чыгып жатат. Атамбаев тергөө органдары тарабынан үч жолу мыйзам талаптарын толук сактоо менен күбө катары тергөөгө чакырылган. Андан сырткары, министрдин орун басары Каниметов тергөө амалдарын жеринде жүргүзүүгө барган. Кечээ ушул эле мыйзамдуу логиканы улантып, мыйзам талаптарынын негизинде тергөөчүнүн токтомун аткаруу үчүн Атамбаевди тергөөгө күбө катары алып келүү иш-аракеттери болду. Күч органдары тарабынан КР Конституциясынын жана КР Жазык-процессуалдык кодексинин нормалары толугу менен сакталды. Бирок Атамбаев КР Конституциясынын жана мыйзамдарынын талаптарын одоно түрдө четке кагып, тергөө иштерин мыйзам алкагында аткарууга катуу тоскоолдук кылды. Атамбаев жана анын айланасындагылар ок атуучу курал колдонуу менен каршылык көрсөтүштү. Алар мыйзам талаасынан таптакыр чыгып кетишти.

Штурм дома Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
Депутат Мадеминов: Кой-Ташта туткунга алынган аскерлер бошотулду
Тилекке каршы, бир канча адам жаракат алып, Укук коргоо органдарынын бир кызматкери атылган октон каза болду. Кырчындай болгон жигитибиздин өмүрү – бийликтен да, байлыктан да, ар кандай саясий дымактан да кымбат эле. Маркумдун ата-энесине, балдарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Энеси — Өктөм Мамаева менен кечээ эле мекендештердин форумунда жолуктум эле. Жүрөгүм ооруп турат, аза кайгысын тең бөлүшөм.

Урматтуу депутаттар! "Атамбаевди алып чыга албай калды, бийлик алсыздык көрсөттү" деген ачуу сынга карабай, Кой-Ташка кошумча күч жөнөтүлгөн жок. Кырдаалды мындан ары курчутпоого аракет кылдык. Атамбаев тарабынан ок атуучу курал колдонулганына карабай, атайын күчтөр аягына чейин ок чыгарган жок. Кан төгүлбөсүн деп желим ок колдонулду. Бийликтин кадыр-баркы төгүлсө да, мекендештерибиздин каны төгүлбөсүн дедик. Айтылган фактылар боюнча кылмыш иши козголду. Күнөөлүүлөр сөзсүз түрдө жазага тартылат. Кечээге чейин Атамбаев тергөөгө күбө катары чакырылып келсе, эми ал оор кылмышка шектүү катары чакырылат.

Урматтуу депутаттар!

Өлкөдө мыйзамдуулукту, тынчтыкты, коопсуздукту сактоо боюнча бардык иш-чаралар аткарылат. Ыкчам чаралар көрүлөт. Бүгүн өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйынын өткөрдүм. 7-августта Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалга байланыштуу чечим кабыл алынды.

Элди бөлүп-жарууга, туруксуздук кырдаалын жаратууга жол берилбейт! Бул үчүн мамлекеттин күчү, саясий эрк жетиштүү.

Урматтуу мекендештерим!

Кыргыз Республикасы — укуктук мамлекет. Мыйзамдын талаптары бардык адамдар тарабынан кынтыксыз аткарылышын камсыздоо – мамлекеттин милдети. Алдамчылардын азгырыгына алдырбагыла, чагымчылдардын аракетине чогуу бөгөт коелу.

Айрым күчтөр бул процессти Жээнбеков менен Атамбаевдин жеке тирешүүсү деп жатышат. Бул эки адамдын тиреши эмес. Бул — коррупциянын туу чокусу болгон бардык кылмыштуу иштерди ачууга, тергөөнүн мыйзам чегинде таза жүрүшүнө, соттук процесстердин адилеттигин камсыз кылууга каршы жасалып жаткан күрөш.

Встреча Президента Сооронбая Жээнбекова с бывшими спикерами и премьер-министрами страны - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбеков УКМК башчысынын отставкасын эмнеге кабыл албаганын айтты
Бул — мыйзамдуулук менен өзүм билемдиктин, өз кызыкчылыгын мамлекеттен өйдө коюунун тиреши!

Тилекке каршы, өлкөбүздүн тарыхында бир нече аттуу-баштуу саясатчылар камакка алынган учурлар болду. Бары тең мыйзамга баш ийип, тергөөгө келип, сот өкүмүнө баш ийишкен. Ал эми Атамбаев жеке керт башын ойлоп, тергөөгө баргандан баш тартты. Элди, жарандарды курмандыкка алып баруудан да кайткан жок.

Урматтуу мекендештерим!

Өлкөбүздөгү тынчтыкты, коомдогу коопсуздукту, элибиздин тынч жашоосун сактайбыз. Бизнестин корголушун, жеке менчиктин кол тийбестигин камсыз кылабыз. Жарандарыбыз, элибиз кабатыр болбогула. Мамлекеттик бийликке, мыйзамга ишенгиле. Бардык саясий күчтөр биримдикте, чогуу бололу. Коомдун ынтымагын, элдин тынчтыгын баарынан жогору баалап, сабырдуу бололу!

Жаңылыктар түрмөгү
0