Бывший президент КР Алмазбек Атамбаев и его советник Кундуз Жолдубаева

Кундуз Жолдубаева Атамбаев экөөнү кайда алып бара жатканын айтты. Видео

5445
(жаңыланган 10:00 09.08.2019)
Эки күндөн бери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүрүп келген.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Интернет колдонуучу Кундуз Ажибекова мурдагы өлкө башчынын кеңешчиси Кундуз Жолдубаева Алмазбек Атамбаев экөөнү ИММге алып бара жатканын айткан видеону жүктөдү.

Видеодон Атамбаевдин үйүнөн чыгып бара жаткан кара түстөгү жолтандабасты жана Жолдубаева отурган бусту көрүүгө болот. Андан "жетекчи кайда?" деп сурашканда, Атамбаев менен чогуу ИИМге бара жаткандыгын айткан.

"Алмазбек Шаршеновичти, Кундуз Жолдубаеваны жана Фарид Ниязовду кармашты. Аларды Кант шаары аркылуу ИИМге алып бара жатышат. Кармоо ишин Курсан Асанов менен Кашкар Жунушалиев ашырды", — деп жазган Ажибекова.

Эске салсак, бүгүн, 8-августта, укук коргоо органдары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармаган.

7-августта кечинде УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзгөн, бирок андан майнап чыккан эмес.

Акыркы маалыматтарга ылайык, кагылышуудан 85 киши жаракат алып, спецназдын бир жоокери каза болгон. 

Өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков 8-августта Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, Атамбаевдин аракети боюнча өзүнүн пикирин билдирген.

Жээнбеков Атамбаев мурда шектүү катары суракка чакырылып келген болсо, эми оор кылмыш жасаган киши катары чакырыларын айткан. 

Жогорку Кеңеш дагы бүгүн чукул жыйынга чогулган.

5445
Тема:
Алмазбек Атамбаевдин кармалышы (81)
Тема боюнча
Атамбаевди кармоо учурунда 4 милиционер ок жеп, ооруканага жеткирилди
Өрт, октун үнү. Атамбаевдин үйүнүн жанындагы ызы-чуунун видеосу
Милиция Кой-Ташта чогулгандарды күч менен таркатууда