БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди укук коргоо органдары ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына алып келишти. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматына таянуу менен Sputnik Жакынкы чет өлкө Telegram-каналы жазып чыкты.
Укук коргоо органдары Атамбаевди бүгүн, 8-августта, Кой-Таштагы үйүнөн кармаган болчу.
Эске салсак, 7-августта кечинде УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзгөн. Бирок андан майнап чыккан эмес. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан эки күндөн бери 85 киши жаракат алып, спецназдын бир жоокери каза болгон.
Өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков 8-августта Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, Атамбаевдин аракети боюнча өзүнүн пикирин билдирген. Жээнбеков Атамбаев мурда шектүү катары суракка чакырылып келген болсо, эми оор кылмыш жасаган киши катары чакырыларын айткан.
Жогорку Кеңеш дагы бүгүн чукул жыйынга чогулган.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. АКШ сенаты Пентагон башчылыгына Ллойд Остиндин талапкерлигин бекиткенин РИА Новости жазды.
Анын талапкерлигине 93 сенатор "макул" болсо, экөө "каршы" добуш берген.
Жарандык коргонуу министри кызмат ордуна жети жыл мурун пенсияга чыккан, тажрыйбалуу аскер адамдары гана ат салыша алат. Алар конгресстин атайын макулдугун алышы керек.
Остин 2016-жылы отставкага кеткен. Анын талапкерлигин сенаттын профилдик комитети колдоп берген.
Ал 67 жашта, төрт жылдыздуу генерал даражасына ээ. Остин коргоо мекемесин жетектеген биринчи афроамерикалык болмокчу. Германия, АКШ, Ирак мамлекеттеринде аскердик кызматын өтөгөн. Вашингтондун "Ислам мамлекети"* тобу менен күрөшүүсүнө салым кошкон.2016-жылы пенсияга чыккандан кийин ири куралдарды чыгарган Raytheon компаниясынын директорлор кеңешинде иштеп жаткан.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев ага карата кылмыш иши козголушу боюнча маалымат жыйын берди.
Эске салсак, Сегизбаев Аламүдүн райондук администрациясынын жана Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары менен мамлекеттин өзгөчө коргоосундагы жайыт жерлеринин бүтүндүгүнө кол салган деп шектелүүдө. Ага Жазык кодексинин 319-беренеси ("Коррупция") боюнча кылмыш иши козголду.
"Мага коюлган берененин эч бир негизи жок. Коррупция деген такыр башка түшүнүк. Анда кызматкер материалдык пайда көрүү үчүн атайын иш-аракеттерди жасайт. Ал эми Башкы прокуратура мени кызмат адамдары менен жайыт жерлерин мыйзамсыз трансформациялаган деп айыптоодо", — деди.
Ал 2008-жылы жайытты ижарага алып иштеткенин айтып, жашыл китебин көрсөткөн. Ал убакта эч бир мамлекеттик кызматта иштебегенин да билдирген.
Ошондой эле Сегизбаев ашыкча байлыгы жок экенин айткан.
Ал эми президенттик компанияны багбанчылык жана мал чарбачылыгынан түшкөн кирешеден каржылаганын кошумчалаган. Мамлекеттик кызматка киришкенден кийин бул тармакты эжесинин башкаруусуна өткөрүп бергенин айткан.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Коронавирус менен ооруп айыккандар суук мезгилде эшикке чыгып спорт менен машыкпашы керек. Бул тууралуу РИА Новостиге улуттук фитнес-коомчулугунун өкүлү, спорт дарыгери Елена Рябинкова айтып берген.
"Муздак аба, температуранын алмашышы жана абанын нымдуулугу мурун көңдөйү менен трахеянын ишине тоскоолдук жаратып, дем алуу органдарында былжырларды пайда кылат. Мунун кесепетинен вирустук жана бактериялык оорулар өөрчүйт. Андан ары өтүшүп кетсе курч респиратордук синдромдорго, миокардит, стресстик кардиомиопатия, аз кандуулукка, бөйрөктүн, жүлүндүн жабыркашына жана башкаларга алып келет", — деген Рябинкова.
Адис бейтаптарга илдеттин оордугуна жараша өзүнчө көнүгүүлөрдү жасатыш керектигин белгилеген. Маселен, бардыгына эле дем алуу көнүгүүлөрүн кылдыруу туура эмес экенин, анын да зыян жактары болушу мүмкүндүгүн кошумчалаган.