Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев

Атамбаев ИИМде эмес. Анын кайда экени так белгилүү болду

3072
(жаңыланган 21:40 08.08.2019)
Буга чейин Атамбаев ИИМдин имаратына алынып келгени кабарланган.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине алынып келди. Бул тууралуу мурдагы президенттин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева журналисттерге билдирди.

Буга чейин Алмазбек Атамбаев ИИМдин имаратына алынып келгени кабарланган.

Белгилей кетсек, Атамбаевди милиция кызматкерлери Кой-Таштагы үйүнөн 8-августта кечке жуук кармаган.

7-августта кечинде УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзгөн. Бирок андан майнап чыккан эмес. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан 85 киши жаракат алып, спецназдын бир жоокери каза болгон.

Өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков 8-августта Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, Атамбаевдин аракети боюнча өзүнүн пикирин билдирген. Жээнбеков Атамбаев мурда шектүү катары суракка чакырылып келген болсо, эми оор кылмыш жасаган киши катары чакырыларын айткан.

Жогорку Кеңеш дагы бүгүн чукул жыйынга чогулган.

3072
Белгилер:
УКМК, милиция, Алмазбек Атамбаев, Бишкек
Тема:
Алмазбек Атамбаевдин кармалышы (81)
Тема боюнча
Алмазбек Атамбаевдин ИИМдин имаратына алынып келген видеосу
Кундуз Жолдубаева Атамбаев экөөнү кайда алып бара жатканын айтты. Видео
Алмазбек Атамбаевди ИИМ имаратына алып келишти