Атамбаевди багынып берүүгө көндүргөн Курсан Асанов. Сүйлөшүүнүн видеосу

© Sputnik / Табылды КадырбековМурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архив
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Видео Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн ичинен тартылган.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов баштаган кишилерге багынып берүүгө макул болгон видеосу анын Facebook баракчасына жарыяланды.

Видео Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн ичинен тартылган.

Атамбаев менен Асановдун кыскача сүйлөшүүсү мындай болгон.

Атамбаев: — Мени керек болсо атып салгыла, балдарга тийбесеңер болду.

Асанов: — Эч ким атпайт.

Атамбаев: — Балдарга тийбейсиңерби?

Асанов: — Тийбейм. Сөз берем?

Жолдубаева: — Сабабайсыңарбы?

Асанов: — Тийбейбиз, сөз берип жатабыз. Ички иштер министринин 9 жылдан бери орун басарымын. Мен сөз бергенден кийин сөзүмө жооп берем. Асанов Курсандын сөзү. Бирөө тийбейт. Сөзүмдү аткарам.

Атамбаев: — Курсан, сен анда бери кел... Бирок жаныңдагы балдарың аркаңан чуркап келет да...

Асанов: — Алмазбек Шаршенович, мен келе жатам.

Андан кийин дагы бир видео жарыяланып, анда Алмазбек Атамбаев менен Курсан Асановдун маңдай-тескей сүйлөшүп жатканын көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, Атамбаевди милиция кызматкерлери Кой-Таштагы үйүнөн 8-августта кечке жуук кармаган. Анын кеңешчиси Кундуз Жолдубаеванын айтымында, учурда Атамбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратына алынып келген.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев ИИМде эмес. Анын кайда экени так белгилүү болду
7-августта кечинде УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзгөн. Бирок андан майнап чыккан эмес. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан 85 киши жаракат алып, спецназдын бир жоокери каза болгон.

Өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков 8-августта Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, Атамбаевдин аракети боюнча өзүнүн пикирин билдирген. Жээнбеков Атамбаев мурда шектүү катары суракка чакырылып келген болсо, эми оор кылмыш жасаган киши катары чакырыларын айткан.

Жогорку Кеңеш дагы бүгүн чукул жыйынга чогулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0