Россия өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мааракелик жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга иш сапары менен келди.

Дмитрий Медведев Кыргызстанга келди

179
(жаңыланган 01:13 09.08.2019)
Сапардын жүрүшүндө Дмитрий Медведевди өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алат.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Россия өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мааракелик жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга иш сапары менен келди.

Аны Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунан өлкөнүн вице-премьери Замирбек Аскаров тосуп алды.

Сапардын жүрүшүндө Медведевди президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алат.

Белгилей кетсек, Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын катышуусундагы кезектеги жыйыны эртең, 9-августта, Ысык-Көл облусунунЧолпон-Ата шаарында өтмөкчү.

Буга чейин иш-чарага катышуу үчүн Кыргызстанга Белоруссиянын премьер-министри Сергей Румас менен Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин келишкен.

179
Белгилер:
жолугушуу, сапар, өкмөт башчы, Дмитрий Медведев, Чолпон-Ата, Россия
Жогорку Кеңештин жыйыны. Архив

ЖК депутаттары 200 миң сом өлчөмүндө эмгек өргүү акчасын алганбы? Түшүндүрмө

227
(жаңыланган 01:04 09.07.2020)
ЖКнын маалымат кызматынын башчысы пандемияга байланыштуу парламент чыгашаларды азайтып жаткандыгын жазды.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары 200 миң сом өлчөмүндө эмгек өргүү акчасын алган эмес. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө депутаттар эмгек өргүүсүнө чыкканда 200 миң сомдон акча алгандыгы тууралуу маалыматтар тараган.

"Депутаттарга Эмгек кодекстин негизинде айлык тиет. Төрага 30 миң сом, вице-спикерлер 27 миң сомдон, депутаттар 25 500 сомдон айлык алат. Мыйзам боюнча эмгек өргүүсүндө төлөнчү акча айлыктан ашпашы керек. Ошондуктан 200 миң сомдон алды деген маалымат туура эмес жана чындыкка дал келбейт", — деди Ибраим Нуракун уулу.

Төрага Дастан Жумабеков дарыканаларды кыдырып, бааларды тизмектеп чыкты. Видео

Анын айтымында, эл өкүлдөрү жана ЖК аппаратынын кызматкерлеринин маянасы банктык картага которулат.

"Демек, 200 миң сомдук ведомостко кол коюп жатканын көрдүм деген дагы туура эмес маалымат", — деп жазган өз постуна.

Нуракун уулу пандемияга байланыштуу парламент чыгашаларды азайтып жаткандыгын баса белгилеп, спикердин тапшырмасы менен сатып алуулар, командировка жана оңдоо иштери токтотулгандыгын кошумчалады.

227
Тема боюнча
Бишкекте ишкерлер менен ЖК депутаттары 5 күндүзгү стационар ачат
Депутат Сурабалдиеванын бир айлык маянасына дарыгер эмнелерди сатып алды. Сүрөт
Жогорку Кеңештин шайлоо босогосун азайткан мыйзамга Жээнбеков кол койду
Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов. Архив

Саламаттык сактоо министри менен анын орун басары ооруп, учурда дарыланууда

177
(жаңыланган 09:35 09.07.2020)
Каратаев жетекчиси менен дагы бир орун басардын так диагнозун, кайсы ооруканада дарыланып жатканын айткан жок.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов, анын орун басары Нурболот Үсөнбаев ооруп жатат. Бул маалыматты министрдин дагы бир орун басары Мадамин Каратаев тастыктады.

Анын айтымында, экөө тең дарыланууда жана учурда абалы жакшы.

Каратаев кесиптештеринин так диагнозун, кайсы ооруканада дарыланып жатканын айткан жок.

Учурдун талабы! Боронов эмгек өргүүдөгү дарыгерлерден ишке чыгуусун өтүндү

Буга чейин айрым жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары Сабиржан Абдикаримов менен Нурболот Үсөнбаевдин ооруканага жатканын жазып чыгышкан.

Эске салсак, саламаттык сактоо министринин орун басары Үсөнбаев бир нече күндөн бери теледен брифингге чыга элек. Ал эми министр Абдикаримов соңку ирет мындан үч күн мурда Коопсуздук кеңешинин жыйынында онлайн-отчёт берген.

177
Белгилер:
Нурболот Үсөнбаев, Сабыржан Абдикаримов, оорукана, КР Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргызстан
Тема боюнча
Учурдун талабы! Боронов эмгек өргүүдөгү дарыгерлерден ишке чыгуусун өтүндү
Облустар ооруну ооздуктоого кандай даярдык көрүүдө. Ачылган стационарлар
Гвоздики для поздравления российских ветеранов в связи с награждением юбилейной медалью 75 лет Победы в Великой Отечественной войне 1941-1945 годов.

COVID: Казакстанда 13-июль аза күтүү күнү деп жарыяланды

0
(жаңыланган 09:52 09.07.2020)
Коңшу өлкөнүн башчысы эч кимди кароосуз калтырбай, ар бир казакстандыктын ден соолугуна кам көрүлөрүн убадалады.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 13-июлду коронавирустан каза болгондорго байланыштуу Улуттук каза күтүү күнү деп жарыялады. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Токаев казакстандыктарды эл башына оор сыноо келип турганда жоопкерчиликтүү, кайраттуу жана сабырдуу болууга чакырган.

"Тилекке каршы, оору казакстандыктардын өмүрүн алып кетүүдө. Берилген расмий маалыматтардын артында жүздөгөн үй-бүлөнүн трагедиясы жатат. Кимдир бирөө атасын, апасын, ага-инисин, эже-сиңдисин, уулун же кызын жоготту. Каза тапкандардын үй-бүлөсүнө көңүл айтам. Бул биздин баарыбыздын трагедиябыз. Ошондуктан мен пандемиянын курмандыгы болгон казакстандыктарга байланыштуу 13-июлду Улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоо чечимин кабыл алдым", — деп кайрылган Токаев.

Кыргызстанга салыштырмалуу өлгөндөр аз. Коңшу өлкөлөрдө абал кандай болууда

Ошондой эле ал эч кимди кароосуз калтырбай, ар бир казакстандыктын ден соолугуна кам көрөрүн убадалап, ынтымак менен гана ооруну жеңүүгө болорун белгилеген.

Соңку маалыматтар боюнча Казакстанда коронавирустан 264 адам ажал тапты. Ал эми ооруну жуктургандардын саны 51 059га жетип, 16 928 адам айыккан. Өлкөдө 5-июлдан 19-июлга чейин күчөтүлгөн карантин режими киргизилип, бир катар мекемелер жабылган.

0
Белгилер:
өлүм, коронавирус, Касым-Жоомарт Токаев, аза күтүү күнү, Казакстан
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Алдыда оор сыноо күтүп турат, чыдамдуу бололу. Суракматов шаардыктарга кайрылды
Нурсултан Назарбаев коронавирустан айыкты. Элбашынын сейилдеги сүрөтү