Жээнбеков Ысык-Көлдө Медведев менен жолукту. Эмне сөз болду?

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков Чолпон-Ата шаарында Россия өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен жолукту
Президент Сооронбай Жээнбеков Чолпон-Ата шаарында Россия өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен жолукту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын өкмөт башчысы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келген.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Чолпон-Ата шаарында Россия өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен жолукканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент КР Сооронбай Жээнбеков встретился с Премьер-министром РФ Дмитрием Медведевым в городе Чолпон-Ата
Президент Сооронбай Жээнбеков Чолпон-Ата шаарында Россия өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен жолукканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди - Sputnik Кыргызстан
1/3
Президент Сооронбай Жээнбеков Чолпон-Ата шаарында Россия өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен жолукканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент КР Сооронбай Жээнбеков встретился с Премьер-министром РФ Дмитрием Медведевым в городе Чолпон-Ата
Эске салсак, Медведев Кыргызстанга Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келген - Sputnik Кыргызстан
2/3
Эске салсак, Медведев Кыргызстанга Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келген
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент КР Сооронбай Жээнбеков встретился с Премьер-министром РФ Дмитрием Медведевым в городе Чолпон-Ата
Жээнбеков өз сөзүндө премьер-министр кезинде Дмитрий Медведев менен сүйлөшүүлөр жана жолугушуулар жылуу маанайда эсте калганын белгиледи. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Жээнбеков өз сөзүндө премьер-министр кезинде Дмитрий Медведев менен сүйлөшүүлөр жана жолугушуулар жылуу маанайда эсте калганын белгиледи.
1/3
Президент Сооронбай Жээнбеков Чолпон-Ата шаарында Россия өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен жолукканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди
2/3
Эске салсак, Медведев Кыргызстанга Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келген
3/3
Жээнбеков өз сөзүндө премьер-министр кезинде Дмитрий Медведев менен сүйлөшүүлөр жана жолугушуулар жылуу маанайда эсте калганын белгиледи.

Эске салсак, Медведев Кыргызстанга Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келген.

Жээнбеков өз сөзүндө премьер-министр кезинде Дмитрий Медведев менен сүйлөшүүлөр жана жолугушуулар жылуу маанайда эсте калганын белгиледи.

"Мен ар дайым сиздин колдооңузду сезчүмүн. Кыргызстанда сизди соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык өнүгүүгө кыйла салым кошкон чыныгы дос катары билишет", — деди президент.

Ал Владимир Путиндин үстүбүздөгү жылдын март айында Кыргызстанга болгон мамлекеттик визити ийгиликтүү өткөнүн белгиледи.

Өз кезегинде Медведев Кыргызстанга, анын бермети болгон Ысык-Көлгө дагы бир жолу келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонуна кубанычта экенин билдирди.

Президент РФ В. Путин принял участие в неформальной встрече глав государств СНГ - Sputnik Кыргызстан
Шавкат Мирзиёев кыргыз элине акыл-эстүүлүк каалады
"Мурда дагы келгем, келген сайын бул жердин кооздугуна суктанам. Бул жакта биздин эки тараптуу мамилелерди талкуулоого, ошол эде маалда Евразиялык биримдикке кирген мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жолугушуусун өткөрүүгө шарттары жакшы. Биздин мамилелер чындап эле абдан жакшы, биз ар кандай маселелер боюнча кеңешип турабыз. Мүмкүнчүлүккө жараша биздин дос жана өнөктөш Кыргызстанга жардам, колдоо көрсөтүүгө аракеттенебиз. Мындан ары дагы ушундай болот, эч күмөн санабагыла", — деп ишендирди Дмитрий Медведев.

Ал Россия президенти Владимир Путиндин саламын жолдоп, Кыргызстанга келер алдында эки мамлекеттин ортосундагы мамилелери боюнча маселелерди талкуулашканын кошумчалады.

"Бүгүнкү жолугушуу дагы өлкөлөрүбүздүн ортосундагы ар тараптуу өнөктөштүктүн өнүгүүсүнө өз салымын кошот деп ишенем. Ар дайым эки тараптуу дагы, көп тараптуу дагы форматтарда талкуулай турчу маселелер көп. Ысык-Көлдүн эң сонун маанайы да буга жардам берет деп ишенем", — деди премьер.

Жээнбеков Медведев экөө соода-экономикалык кызматташуунун келечегин, Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик визитинин алкагындагы жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну талкуулашты. Мындан тышкары, 2020-жылды Россияда Кыргызстандын, ал эми Кыргызстанда Россиянын кайчылаш жылы деп жарыялоонун алкагында иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү маселелери тууралуу сөз болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0