Чолпон-Атада ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңештин тар чөйрөдөгү жыйыны башталды

© Sputnik / Табылды КадырбековЕАЭБ мамлекеттеринин желектери. Архив
ЕАЭБ мамлекеттеринин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйындын соңунда бир нече документке кол коюу пландалууда.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Чолпон-Атада Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин тар чөйрөдөгү мааракелик жыйыны башталды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.

Жыйын Евразия экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары жана Евразия экономикалык комиссиянын төрагасы Тигран Саркисяндын катышуусу менен өтүп жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков Чолпон-Ата шаарында Россия өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен жолукту - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Ысык-Көлдө Медведев менен жолукту. Эмне сөз болду?
Бир аздан соң кеңейтилген чөйрөдөгү жыйын башталып, жыйынтыктоочу документтерге кол коюлат.

Өкмөт башчылар экономикалык интеграция, нормативдик-укуктук базаны жакшыртуу, каржы саясаты, экономика, соода жана өнөр жай тармагында ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн кызматташтыгын талкуулашат.

Күн тартибинде транс чек аралык кызматташуу, агрардык өнөр жай комплекстерин өнүктүрүүнүн биргелешкен божомолдору, алкоголдук рынокту жөнгө салуу жана башка маселелер бар.

Эске салсак, ЕАЭБге Россия, Казакстан, Армения, Белоруссия, Кыргызстан кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0