Экс-депутат ЖК Омурбек Бабанов в аэропорту Манас после прилета из Москвы

Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келип, эл менен учурашты

4213
(жаңыланган 15:17 09.08.2019)
Учак "Манас" аэропортуна конду.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Москвадан учуп келген экс-депутат Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келип, аэропортто тосуп турган тарапташтары менен учурашты. 

Саясатчынын учагы "Манас" эл аралык аэпортуна конду. Бабанов дарбазадан унаасы менен чыкты. Андан кийин терезеден белине чейин чыгып, элди тынчтанууга жана сабырдуулукка чакырды.

"УКМКнын кылмыш иштерим боюнча тараткан билдирүүсүн уктум. Мен ар дайым мыйзам чегинде гана иш алып баргам. Мени эч ким текшерген жок, башкысы, Кыргызстандын бүтүндүгүн сактайлы. Мени күтүп алганыңарга ыраазымын", — деди Бабанов.

Эл менен сүйлөшкөндөн кийин унаасына отуруп, андан ары жолун улады.

4213
Белгилер:
УКМК, кылмыш иши, аэропорт, Өмүрбек Бабанов
Тема боюнча
Өмүрбек Бабанов Кыргызстанда. Учурда эмне болуп жатат
Бабанов тосуп алган элге эмне деди? Жолугушуунун сүрөттөрү