Жээнбеков Түркиянын президенти Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуу учрунда. Архив
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуу учрунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эрдоган кыргызстандыктарды жана президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Сооронбай Жээнбеков Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар буга чейинки макулдашууларды ишке ашыруу жана кызматташуу маселелерин талкуулашкан.

Ошондой эле Эрдоган кыргызстандыктарды жана президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады.

Жаңылыктар түрмөгү
0