Башкы прокурор: Атамбаевдин 120 мүлкү камакка алынды

© Sputnik / Табылды КадырбековМурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архив
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн башчылары Кой-Таштагы окуя боюнча маалымат беришүүдө.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалгандан кийин анын 120 мүлкү камакка алынды. Бул туурасында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Мындан сырткары, ал журналисттер менен аткаминерлердин суракка чакырылып жатканы боюнча да комментарий берди.

"Мирбек Айтикеев, Кундуз Жолдубаева, Назгүл Мамытова, Дмитрий Ложников жана депутаттар Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина 7-8-август күндөрү баарын көрүп жүрүшкөн. Алар кесибине карап же башка себеп менен эмес, тергөөнүн ачык-айкын болушу үчүн чакырылууда", — деди Жамшитов.

LIVE: Главы ГКНБ, МВД и Генпрокуратуры о ситуации с Атамбаевым - Sputnik Кыргызстан
УКМК, ИИМ, Башкы прокуратура Атамбаевдин кармалышы тууралуу. Видео
Белгилей кетсек, 7-августта УКМКнын мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калган. УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн аскерлерине Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, 100дөн ашуун киши жаракат алган. Спецназдын алты аскери 20 саатка барымтага алынган.

Эртеси, 8-августта, операцияны ИИМ жүргүзүп, сүйлөшүүлөрдөн кийин Атамбаев багынып берген. Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын тандап, 26-августка чейин камакта калтырды. Мындан сырткары, бир нече тарапташы камалып, суракка чакырылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0