Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин экс-жетекчиси Абдил Сегизбаев. Архив

Абдил Сегизбаев УКМКнын башчысы Опумбаевге жооп берди

2338
(жаңыланган 16:55 13.08.2019)
Опумбаев Сегизбаев качып баратып жыгылганда денеси көгала болуп калышы ыктымал экенин билдирген.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин экс-жетекчиси Абдил Сегизбаев мекеменин учурдагы башчысы Орозбек Опумбаевдин айткандарына жооп берди.

Опумбаев бүгүн, 13-августта, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кармалышы боюнча операция тууралуу маалымат жыйында Сегизбаевге эч кандай ок тийбегенин, ал качып баратканда жыгылып кетип жаракат алышы ыктымалдыгын айткан.

"Бул адамдын бир дагы айтканына ишенүү мүмкүн эмес. Болгон нерсени жок деп жатат. Эч ким качкан эмес. Мен ошол күнү айылда болчумун. Ок атылып, катуу үн чыгаруучу гранаталар жарылып баштаганда эл менен кошо Атамбаевдин резиденциясын көздөй барганбыз. Ал жерде турган балдарды көздөй ок атылып, балдар тарабынан таш ыргытылып жатыптыр. Элдин алды жагына чыгып спецназга "атпагыла" деп 2-3 жолу кыйкырганда эле катуу үн чыгаруучу 1-2 граната жарылды. Ошол учурда ок атылып бут жакка тийди. "Качып баратып жаракат алган" деген сөздөр жалган. "Чалынып жыгылса керек" деген сөз да жалган. Ал жерде жүздөгөн бала көрүп, билип турду", — деди Сегизбаев.

Ал андан сырткары, эгер УКМКнын жетекчисине алган жарааты ушунчалык маанилүү болсо комплекстик текшерүүдөн өтүүгө даяр экенин кошумчалап, мындан кийин Опумбаевдин бир да сөзүнө ишенбей турганын белгиледи.

Эске салсак, 7-августта УКМКнын мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калган. УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн аскерлерине Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, 100дөн ашуун киши жаракат алган. Спецназдын алты аскери 20 саатка барымтага алынган.

Эртеси, 8-августта, операцияны ИИМ жүргүзүп, сүйлөшүүлөрдөн кийин Атамбаев багынып берген. Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын тандап, 26-августка чейин камакта калтырды. Мындан сырткары, бир нече тарапташы камалып, суракка чакырылууда.

2338
Белгилер:
УКМК, Абдил Сегизбаев
Тема:
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү атайын операция (180)
Тема боюнча
Кой-Ташта аялдарды тээп, жаткыра чапкан милиционер. ИИМдин жообу видеодо
Опумбаев: Абдил Сегизбаевди эч ким аткан эмес, чалынып жыгылып кетсе керек
(NaN:NaN / NaNMb / )

Кыргызстан менен Россиянын ТИМ башчыларынын жыйыны. Түз эфир

16
Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кечээ, 22-октябрда, Россия Федерациясына барган. Иш сапардын жүрүшүндө Казакбаев россиялык кесиптеши Сергей Лавров жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жолукту.

Эки тараптуу жолугушуулардын соңунда Руслан Казакбаев менен Сергей Лавров журналисттерге маалымат жыйын курду.

16
Белгилер:
түз эфир, ТИМ, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Министр Казакбаев Россияга барып, реформа жүргүзүүгө каражат сурады
Руслан Казакбаев Москвада ЖККУнун башкы катчысы менен жолукту
Хакердик чабуул. Архивдик сүрөт

Олимпиада-Навальный жаңжалы: АКШ жана Британия таасирин сактоо далалатында

10
(жаңыланган 15:26 23.10.2020)
Түштүк Корея жана Япониядагы Олимпиада оюндарына Россия киберчабуул жасады деген Кошмо Штаттар жана Улуу Британиянын айыптоолору РФти кыйла таң калтырды.

Таң калуунун себеби да жөпжөнөкөй: "Москванын дүйнө жана спортко каршы кылмыштары" жөнүндөгү кезектеги акылга сыйбаган, курулай айыптоолору антироссиялык күн тартибин жайылтуу үчүн да, Россияны "жазалоо" боюнча чараларды кабыл алуу үчүн да маңызсыз. Бул туурасындагы Ирина Алкснистин макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

Бир жагынан алып карасак, Батыштын русофобиялык медиакампаниясы ансыз деле жакшы жүрүп келе жаткан. Алексей Навальныйдын окуясы аягына чыга элек. Ага карабастан, кезектегисин, болгондо да мынчалык жогорку – тышкы саясий мекемелер жана негизги атайын кызматтардын жетекчилеринин деңгээлинде жаңы жалганды таратуунун зарылдыгы жок эле. Экинчиден, мурдагы тажрыйбалар, анын ичинде россиялык блогердин катышуусундагы окуядан улам Москвага каршы кандайдыр олуттуу жана оор чаралар кандай болгон учурда да көрүлбөстүгүн байкасак болот.

Вакцина жана маймылдар: "россиялык фейк" туурасында британдык фейк

Ошол эле убакта Вашингтон менен Лондондун бири-бирине үндөшкөн билдирүүлөрү да эки борбор калаанын көздөгөн максаты бир экендигин айгинелейт. Бирок маселенин төркүнү эмне? Жандырмагын бул айыптоолорго карата Токио жана Сеулдун реакциясынан издөө керек өңдөнөт. Япониянын өкмөтү "тийиштүү маалыматтарды" топтоого чейин убакыт алып, бул туурасында комментарий берүүдөн баш тартты. Түштүк Корея бийлиги да үн катпоону туура көрдү.

Кыязы, аймакта Батыштын негизги союздаштарынан болгон эки мамлекеттин расмий өкүлдөрү жана атайын кызматтарына америкалык-британиялык операция туурасында кабар берилген эмес окшойт. Ошондуктан садага чабылып калбоо үчүн алар азыр абай салып, соңунда болушунча кылдат позицияда калуу далалатында. Маселен, Япониянын Олимпиада комитети өз ишинде эч кандай киберчабуулду туйбаганын билдирди. Болду-болбоду, бул жолку антироссиялык кампаниянын башкы бутасы РФ эмес, калган дүйнө – биринчи кезекте Батыштын өзү көрүнөт. Бул эки мамлекеттин саясий-атайын кызмат чөйрөсүндөгү кызматташтыгынын өзгөчө тыгыздыгы да эбактан бери дүйнөгө маалым.

Укмуш кубаттуу делген Кошмо Штаттардын акырындап бузулушу жана эл аралык аренада Бириккен королдуктун көшөгө артындагы таасиринин чабалдашы соңку жылдары кадыресе көрүнүшкө айланып барат. Бирок бул процесс экономикалык, бюрократиялык жана айрым саясий механизмдерди козгойт. Ошол эле убакта алигүнчө эки державанын үстөмдүгү талашкыс болгон тармактар да бар. НАТОдо америкалык армиянын биринчилигинен шек санап болбогондой эле континенталдык Европанын бир дагы маалымат каражаты таасирдүүлүгү жагынан британиялык Times же америкалык CNN менен теңтайлаша албайт. Коомдук пикирди тескөөнүн өтө күчтүү куралдары, тагыраак, Twitter менен Facebook өңдүү социалдык медианын бутактарынын көзөмөлү дал океан ар жагында экенин айтпай эле коелу.

Европа Россияга каршы жаңы санкциялардын азабын тартабы?

Вашингтондун RT же Кытайда пайда болгон TikTok боюнча катаал саясаты мындай түзүлүштөрдүн орду кыйла жогору экендигинен кабар берип турат. Бирок геосаясий атаандаштардын да медиалык таасир этүү боюнча бир топ күчтүү ресурстары бар. Кошмо Штаттар кынык алып алгандай аларды өз аймагында чектөөгө чара көрүүдө. Америкалык-британдык атайын кызмат жана пропагандисттик тандем үчүн Батыштын өзүндө атаандаштардын жаралышы кыйла катуу тиймек. Навальныйдын иши да алар үчүн өтө жагымсыз жана ылайыксыз процесстерден болууда.

Россиядан блогердин тегерегиндеги жаңжал көкөйгө тийген нерселердин уландысындай көрүнөр, бирок чындыгында ал да өзүнчө уникалдуу. Анткени толугу менен Берлиндин "жараткан эмгеги".

Ооба, Германия стандарттык русофобиялык күн тартибинен пайдаланды, бирок ал "улуу өнөктөштөрүнөн" аны тартып алып, өз алдынча оюнда колдонду.

Немецтер Навальныйды көзөмөлдөшөт. Аларга эмне зарыл болсо, блогер ошону айтат. Бир нече күн бою дүйнөдө маалыматтын негизги булагы германиялык басылмалар болуп, ал эми англис тилдүү маалымат каражаттары аларда жазылгандарга шилтеме кылып, жайылтып турду.

Ошондой жагдайда Олимпиадага чабуул койгон орус хакерлери жөнүндөгү окуя таптакыр башка мааниге ээ болот. Иш жүзүндө анын жардамы менен америкалыктар жана британдар жаңылыктардын күн деминен Навальныйдын темасын сүрүп чыгарууга умтулууда. Себеби маңызында, бул – аталган эки державанын атаандашынын долбоору.

"Новичок" баяны: Навальный эмнеге немецтер менен оюн курууда?

Андан тышкары, Вашингтон жана Лондон үчүн глобалдык медиа саясий мейкиндиктин көзөмөлүн толук кайтарып алуу маанилүү. Болбосо аны бир аз убакытка немецтер башында турган Европа өзүнө баш ийдирип албадыбы. Кыска гана созулса да бул фактыны эрежелерге сыйбаган уникалдуу көрүнүш катары эмес, дүйнөлүк медиа-маалыматтык мейкиндиктеги алгачкы атаандаштык аракеттей сыпаттасак болот.

АКШ менен Улуу Британия акырындап дүйнөгө медиа үстөмдүк кылуудан тайып барат, себеби аларга эми геосаясий атаандаштары эмес, жакынкы эле союздаштары да чакырык таштоодо.

10
Белгилер:
Германия, Улуу Британия, АКШ, пропаганда, хакерлер, олимпиада, Алексей Навальный
Тема боюнча
Токсиколог Александр Сабаев: Навальныйдын ууланганы такталган жок
"Новичок" баяны: Навальный эмнеге немецтер менен оюн курууда?
Кара-Көл шаарынын аймагында эки автоунаа кагышты

Кара-Көлдө жүк ташуучу унаа менен Mazda сүзүшүп, экөө тең жарабай калды

0
(жаңыланган 17:01 23.10.2020)
Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу жаракат алып, Таш-Көмүр шаардык ооруканасына жеткирилген.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Бүгүн, 23-октябрь күнү, Кара-Көл шаарынын аймагында эки автоунаа кагышып, бир айдоочу Таш-Көмүр шаардык ооруканасына жеткирилди. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өкүлү Айбек Сатыбалдиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, окуя саат 7:30дар чамасында Бишкек — Ош жолунун 409-чакырымында болгон. 

Последствия столкновения грузового и легковой автомобили на трассе Бишкек — Ош
© Sputnik / Зульфия Тургунова
Бүгүн, 23-октябрь күнү, Кара-Көл шаарынын аймагында эки автоунаа кагышып, бир айдоочу Таш-Көмүр шаардык ооруканасына жеткирилди

Талас облусундагы Бакай-Ата районуна караштуу Миң-Жыгач айылынын 29 жаштагы тургуну Skania үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасын Бишкектен Ошту көздөй айдап бараткан. Чукул бурулушка келгенде унааны башкара албай, каршы тилкедеги Mazda үлгүсүндөгү унааны сүзүп токтогон.

Токтогулдагы жол кырсыгы үч адамдын өмүрүн алды. Алтоо ооруканада

Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу жаракат алган.

Кагылышкан эки автоунаа тең жарактан чыкты. Алар кырсыктаганда Бишкек — Ош жолун жаап калган. Учурда талкаланган автокөлүктөр жол четине чыгарылып, эки тараптуу кыймыл ачылды.

Бул факты боюнча тиешелүү экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

0
Белгилер:
жабырлануучу, жол кырсык, Кара-Көл
Тема боюнча
Кочкордо Toyota Avensis кырсыктап 12 жаштагы бала каза болду