Портфель. Архивдик сүрөт

Курсан Асановдун ордуна жаңы орун басар дайындалды

1595
(жаңыланган 09:44 14.08.2019)
Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Ички иштер министринин орун басары болуп Курсан Асановдун ордуна Памирбек Асанов келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Эске салсак, Курсан Асанов "кыргыз милициясына чыккынчылык кылып, ишенимден кетти" деген жүйө менен 13-августта кызматтан алынган болчу. Асанов ички иштер министринин орун басары болуп 2011-жылдан бери иштеп келген.

Ал эми Памирбек Асанов болсо ИИМдин Тергөө кызматынын жетекчилигин аркалаган.

1595
Белгилер:
дайындоо, өкмөт, ИИМ
Тема:
Курсан Асановдун министрдин орун басарлыгынан алынышы (15)
Тема боюнча
Курсан Асановдун кызматтан алынышынын себептери айтылды
Курсан Асанов кызматынан алынды