Башына таш тийген Курманкуловдун ордуна убактылуу жетекчи дайындалды

© Sputnik / Нурис АлымбаевГарнизонный развод-инструктаж столичной милиции на площади Ала-Тоо
Гарнизонный развод-инструктаж столичной милиции на площади Ала-Тоо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Облустук милициянын башчысы Самат Курманкулов 7-августта Кой-Таш айылынан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди суракка алып келүү боюнча жүргөн атайын операция маалында башынан оор жаракат алган болчу.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп Сапарбек Асаналиев дайындалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, мурдагы жетекчи Самат Курманкулов 7-августта Кой-Таш айылынан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди суракка алып келүү боюнча жүргөн атайын операция маалында башынан оор жаракат алган болчу. Комага түшкөн Курманкуловго эки ирет операция жасалган. Дарылануусун улантуу үчүн аны Москвага алып кетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0