Курсан Асанов. Архивдик сүрөт

Курсан Асанов Алмазбек Атамбаевден акча алып жатат деген видео боюнча үн катты

9154
(жаңыланган 22:33 13.08.2019)
Социалдык тармактарда Курсан Асанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден акча, зер буюмдар жана маанилүү документтер салынган пакетти алып жатат делген видео тарады.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Курсан Асанов аны Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевден акча алды деген айыптоолор боюнча Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысынын суроолоруна жооп берип жатып, алардын бардыгын четке какты.

13-августта кызматтан алынган ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов 8-августта Алмазбек Атамбаевди суракка алып келүү үчүн аны менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн учуру видеого тартылган

Бүгүн, 13-августта, социалдык тармактарда Асанов Атамбаевден акча, зер буюмдар жана маанилүү документтер салынган пакет алып жатат делген видео тарады.

"Андай эч нерсе болгон эмес", — деди ал.

Курсан Асанов кызматтан алынышы боюнча өзүнүн пикирин билдирип, мамлекеттин кызыкчылыгын жеке кызыкчылыгынан жогору койгонун айткан.

9154
Белгилер:
социалдык тармак, видео, пара, Курсан Асанов
Тема:
Курсан Асановдун министрдин орун басарлыгынан алынышы (16)
Тема боюнча
Курсан Асанов иштен алынышы боюнча өз чындыгын айтты
Курсан Асановдун кайсы иши үчүн кызматтан алынганы белгилүү болду