Бабанов УКМКга да суракка чакырылганын айтты. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкс-депутат Өмүрбек Бабанов. Архив
Экс-депутат Өмүрбек Бабанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экс-депутатка мурда УКМК тарабынан эки кылмыш иши козголгон.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Экс-депутат Өмүрбек Бабанов Финполдун сурагынан чыкты. Ал журналисттердин суроосуна жооп берип жатып эртең, 20-августта, саат 15.00гө аны УКМК да суракка чакырганын билдирди.

Саясатчы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматында (Финпол) "Кыргызстан коммерциялык банкы" ААКсына байланышкан иш боюнча
сурак берип, саат 21.40та чыкты.

"Бир жыл тогуз айт сыртта жүрдүм. Мен баарына даяр болуп келдим. Он-Адыр боюнча козголгон иш мурунку бийликтин саясий иши болгон. Эми экономикалык жактан иш козголгон экен, бул да жок болот деп ойлойм", — деди Бабанов.

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: Бабанов күнөөлүү эмес, ага рахмат айтыш керек
Эске салсак, Өмүрбек Бабановго УКМК тарабынан эки кылмыш иши козголгон. Биринчисинде, улут аралык кастыкты козутуу боюнча айып тагылса, экинчисинде, бийликти күч менен басып алмакчы болгон деп күнөөлөнгөн. Ал 2017-жылы президенттик шайлоого катышып, экинчи орунду алган. Андан кийин өлкөдөн чыгып кетип, саясаттан биротоло кеткенин билдирген.
Бирок экс-депутат ушул жылдын апрель айында Бишкекке кайтып келүү ниетин билдирип, кайра кийин ал чечиминен баш тарткан. Арадан төрт ай өткөн соң, 9-августта Бишкекке келип, тарапташтары менен жолугушкан. Ал эми УКМК болсо Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскерткен болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0