Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Ренат Түлөбердиев. Архив

Маммүлк фондусунун төрагасы алмашты

110
(жаңыланган 16:18 21.08.2019)
Тийиштүү буйрукка премьер-министр кол койду.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Ренат Түлөбердиев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин экинчи буйругу менен фондго төрага болуп Жылдызбек Исакулов дайындалды.

Маалыматка караганда, Түлөбердиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу иштен бошотулган.

110
Белгилер:
төрага, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду
Тема боюнча
Курсан Асановдун ордуна жаңы орун басар дайындалды
Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов. Архив

Бүгүн Талант Мамытов Кыргызстандын атынан ЖККУнун сессиясына катышат

2
(жаңыланган 11:38 02.12.2020)
Сессияда уюмдун мындан аркы ишмердүүлүгү, ЖККУнун уставдык органдарынын сессияларындагы чечимдердин ишке ашырылышы, мүчө мамлекеттердин парламенттер аралык кызматташуусун бекемдөө маселелери талкууланат.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов ЖККУнун Коопсуздук кеңешинин видеоконференция форматындагы сессиясына катышат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Кыргызстандын президентинин милдетин аткарып жаткан жана ЖКнын спикери Талант Мамытов
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Иш-чара бүгүн, 2-декабрда, өткөрүлмөкчү. Анда уюмдун мындан аркы ишмердүүлүгү, ЖККУнун уставдык органдарынын сессияларындагы чечимдердин ишке ашырылышы, мүчө мамлекеттердин парламенттер аралык кызматташуусун бекемдөө маселелери талкууланат.

Жыйынга Беларустун президенти Александр Лукашенконун, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Россиянын президенти Владимир Путиндин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун, Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын, ошондой эле ЖККУнун башкы катчысы Станислав Застын катышуусу күтүлүүдө.

2
Белгилер:
видеоконференция, жыйын, Талант Мамытов, ЖККУ, Кыргызстан
Тема боюнча
ЖККУнун коргоо министрлеринин отуруму өттү. Талкууланган маселелер
Кабулдагы Афганистандын аскер кызматкерлери. Архивдик сүрөт

Россия ТИМи Кабулдагы элчилигинин жардырылган унаасы боюнча үн катты

24
(жаңыланган 10:40 02.12.2020)
Россия афган тараптан окуяны тыкыр иликтөөнү, Россиянын Афганистандагы мекемелеринде иштегендердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн чара көрүүнү талап кылган.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Кечээ, 1-декабрда, Афганистанда Россия элчилигинин автоунаасы жардырылды. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарованын билдирүүсүндө айтылат.

Маалым болгондой, Россиянын Кабулдагы элчилигинин имаратынан анча алыс эмес жерде дипмиссиянын автоунаасы колго жасалган түзүлүш менен жардырылган.

Транспорттун ичиндеги кызматкерлер жеңил жаракат алганы белгилүү болду.

Захарованын айтымында, террордук чабуул элчиликтин автоунаасынын алдында аскер кызматкерлерин жүктөп бара жаткан Афганистандын улуттук коопсуздук күчтөрүнүн жүк ташуучу унаасына жасалышы керек болчу деген божомол бар.

Анткен менен Захарова теракт Россиянын жарандарына деле каршы жасалышы мүмкүн деген оюн айткан.

"Афган тараптан окуяны тыкыр иликтөөнү, Россиянын Афганистандагы мекемелеринде иштегендердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн чара көрүүнү талап кылабыз", — деди ТИМ өкүлү.

Ал Кабулдагы элчилик дипөкүлчүлүктөрдүн имараттарын жана кызматкерлерин коргоону күчөтүү үчүн кошумча чараларды көрөрүн кошумчалады.

24
Белгилер:
автоунаа, жардыруу, теракт, Афганистан, Россия
Тема боюнча
"Ислам мамлекети"* тобу Венадагы жардырууга жоопкерчилик алды
Афганистанда кызмат өтөп келген 9 австралиялык аскер жанын кыйды
АКШ Афганистанда 10 аскер базасын жапты. Өлкөнү талибдерге салып бердиби?