Текебаевдин иши кайра кароого жөнөтүлдү. Тарапташтары кубанып жаткан видео

© Sputnik / Расул Усеналиев"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен убактылуу өкмөттүн мүчөсү Дүйшөнкул Чотонов. Архив
Ата Мекен партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен убактылуу өкмөттүн мүчөсү Дүйшөнкул Чотонов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш Биринчи Май райондук сотунда кайра каралмай болду.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Жогорку сот "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен убактылуу өкмөттүн мүчөсү Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароого жөнөттү. Мындай чечим жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу чыгарылган.

"Иш Биринчи Май райондук сотунда кайра каралмай болду", — деди жерине барган Sputnik агенттигинин кабарчысы.

Текебаевдин иши

2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жана башка адамдарга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү ("Коррупция") жана 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттарында ("Алдамчылык") камтылган белгилер боюнча кылмыш ишин козгогон.

Россиянын Мамлекеттик Думасынын экс-депутаты Леонид Маевский. Архив - Sputnik Кыргызстан
Текебаевди түрмөгө отургузган Маевский Москвада камалды
Козголгон кылмыш иштин алкагында Текебаев менен Чотонов кармалган. Россиялык бизнесмен Леонид Маевский Текебаев "Альфа Телеком" (Megacom) компаниясынын башкармалыгына кирүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн бир миллион доллар алды деп айтып, депутаттын үстүнөн арыз жазган. 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Текебаевди коррупция боюнча күнөөлүү деп таап, сегиз жылга эркинен ажыраткан. Шаардык сот жана Жогорку сот өкүмдү күчүндө калтырган.

Кийин Россиянын Мамдумасынын мурдагы депутаты Леонид Маевский Москва шаарынан кармалган. Ал жан-жөкөрү менен "Альфа-групп" жана "А1" компаниясынын өкүлдөрүнөн 40 миллион доллар талап кылып, аны бербесеңер "силерге шек келтире турган маалыматтарды таратабыз" деп коркуткан деп шектелүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0