Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеванын баш коргоо чарасы тандалды

Жазылуу
Жолдубаева коррупция беренеси боюнча шектелип жатат.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Биринчи Май райондук соту мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеванын баш коргоо чарасын тандады. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты.

Билдирмеге караганда, ведомствонун тергөө кызматы кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча сотко чейинки териштирүү иштерин улантып жатат.

"2019-жылдын 20-августунда Индира Жолдубаевага Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча шектелип жатканы тууралуу маалымат берилди", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Биринчи Май райондук соту мурдагы башкы прокурорду үй камагына алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0