Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина. Архив

Прокуратура: Карамушкина кишилерди барымтага алууга катышкан деп шектелүүдө

256
(жаңыланган 16:54 22.08.2019)
Эл өкүлү ага карата бир дагы далил жок экенин белгиледи.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Кылмыш-жаза кодексинин 244-беренеси ("Кишилерди барымтага алууга катышуу") боюнча шектелип жатат. Эл өкүлүнө бул боюнча маалымат берилгенин Башкы прокуратурадан билдиришти.

Депутат социалдык тармактагы баракчасына массалык башаламандык уюштурууга шектелип жатканын жазды. Бирок кодекс боюнча 244-беренеде кишилерди барымтага алууга катышуу жөнүндө гана жазылган.

"Башкы прокурор мени массалык башаламандыкты уюштурду деген берене боюнча күбөдөн шектүүгө айландырды. Көрсө мен укук коргоочуларды сабатуу үчүн элге акча таратыптырмын. Бир дагы далил келтире алышкан жок. Мыйзамдуулук жок бизде!" — деди депутат.

Кой-Таш окуясы

Эскерте кетсек, 7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча Кой-Ташта атайын операция жүргөн. Мурунку президенттин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, 130дан ашуун киши ар кандай жаракат алган.

Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун сүйлөшүүсүнөн кийин Атамбаев багынып берген. УКМКга алып келинген мурунку президент Биринчи Май райондук соту 26-августка чейин камакка алынган.

16-август күнү Атамбаевдин жактоочулары тарабынан берилген доо арыздын негизинде көчмө жыйын өтүп, Бишкек шаардык соту аны камакта калтыруунун мөөнөтүн ошол боюнча калтырган.

20-августта анын камактагы мөөнөтү бир айга узарган.

256
Белгилер:
Башкы прокуратура, Ирина Карамушкина
Тема:
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү атайын операция (153)
Тема боюнча
Раиса Атамбаева: бүгүн мага да кылмыш иши козголгону жатат
Министрлик: Атамбаевдин тарапташы Таласта каза тапты деген маалымат жалган