Жээнбеков нарындыктарга коррупцияны кантип жеңерин айтып берди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент КР Сооронбай Жээнбеков на встрече с жителями Ак-Талинского района Нарынской области
Президент КР Сооронбай Жээнбеков на встрече с жителями Ак-Талинского района Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы Ак-Талаа районунун тургундары менен жолукту.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Товарларды маркирлөө аркылуу контрафакт продукциянын киришин токтотуу, салык жол-жоболорун фискалдаштыруу системасын киргизүү менен көмүскө экономиканы кыскартуу, бюджетке кирешени жогорулатуу үчүн чаралар көрүлүп жатат. Ушундай чараларды колдонуу менен коррупциялык элементтер жоюлат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Ак-Талаа районунун жашоочулары менен жолукканда айтты.

Өлкө башчынын маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча, президент ушу тапта иш сапары менен Нарында жүрөт.

Жээнбеков өз сөзүндө мамлекеттик кызматка жеке байлык топтоо үчүн келбей турганын белгилеп, чейрек кылым ичинде бийлик эшелонундагы коррупция эң негизги улуттук көйгөй болуп калганына токтолду.

"Бийликке өлкөнү өнүктүрүү үчүн эмес, байлык жыйноо, шайлоодо кетирген каражатын эселеп кайрып алуу үчүн келгендер көбөйүп кеткен. Бийликти байлык топтоонун булагына, бизнеске айлантып жиберишкен", — деди президент.

Өлкө башчы мамлекеттик кызматка келген ишкерлер өз психологиясын таптакыр өзгөртүшү керек экенин кошумчалады.

Кыргызстандын картасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы 31 калктуу конушка айыл статусу берилди. Тизме
"Бийликке көрпенделик кызыкчылыктан, байлыктан баш тартып, акча табуу үчүн эмес, эл арасында сый-урмат, эл үчүн кылган эмгегим менен абийир табайын дегендер келиш керек. Биз өз абийирине камчы чаппагандарды, өз дарегине эл тарабынан айтылчу жакшы сөздү алтындан да кымбат баалагандарды колдошубуз керек. Коррупцияга каршы күрөш уланат", — деп белгиледи ал.

Президент калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр электрондук форматка өткөрүлүп жатканын баса белгилеп, мамлекеттик органдардын ишмердигин санариптештирүүнүн маанилүү экенин дагы бир жолу айтты.

"Жалпы коомубузду санарипке өткөрүү — бүгүнкү күндүн талабы. Ал биздин жарандар үчүн мурда болуп көрбөгөн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө адам фактору жоюлат. Бул коррупциялык элементтерди жок кылат", — деди Жээнбеков.

Президент бүгүнкү күндө коррупцияга каршы күрөш азыр күч менен, көзөмөл менен гана жылып жатканын белгилеп, коррупциялык укук бузуулар жөнүндө маалымат берген жаранды коргоо жөнүндө мыйзам кабыл алынып, күчүнө киргенин эске салды.

Жаңылыктар түрмөгү
0