Казахстандын Кыргызстандагы жаңы элчиси Кайрат Нурпеисов

Токаев Кыргызстанга жаңы элчи дайындады

181
(жаңыланган 19:35 26.08.2019)
Мурдагы элчи жарым жыл иштегенден кийин кызматынан бошотулган.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кайрат Нурпеисовду Кыргызстанга элчи кылып дайындады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Өткөн жылдын 7-февралында элчи болуп дайындалган Карим Кокрекбаев кийин белгисиз себептерден улам кызматынан бошотулган.

Кайрат Нурпеисов финансы боюнча вице-министр, президенттин администрация жетекчисинин орун басары, Мамлекеттик кызмат иши боюнча агенттиктин төрагасы жана сенаттын аппаратынын жетекчиси болуп эмгектенген. Акыркы кезде президенттин парламенттеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси болуп турган.

181
Белгилер:
элчи, Касым-Жомарт Токаев, Казакстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Улуу Британиянын элчиси "Аламүдүн" базарына барганын видеого тартып алган
Абылгазиев Россия элчисин кабыл алды. Эмне тууралуу кеп болду?