Свердлов районунун судьясы төрт берене боюнча күнөөлөнүп жатат. Тизме

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүСот балкасы. Архив
Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Судьяга козголгон кылмыш иши соттун кароосуна жөнөтүлдү.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунун судьясы Д.Т. аттуу жаранга Кылмыш кодексинин төрт беренеси боюнча шек жаралып, билдирүү берилгенин Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Булар эски кодекстер боюнча берилген.

Кеп Кылмыш кодексинин 304 («Кылмыш абалынан кыянаттык менен пайдалануу»), 305 («Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу»), 315 («Кызмат абалынан пайдаланып документти жасалмалоо»), 328 («Атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүм, чечим же башка сот токтомун чыгаруу»)- беренелери тууралуу жүрүп жатат.

"2016-жылдын 30-сентябрында адвокат А.Ж. өзү жактаган Россиядагы Ч.Ю. аттуу адамды мыйзамсыз бошотуп алуу үчүн Свердлов райондук сотуна кайрылган. Аталган райондун ИИБинин тергөөчүсүнүн ишине арыздануу болгон. Жактоочу козголгон кылмыш иши боюнча токтомду мыйзамсыз деп таануу жана сыртынан камакка алуу боюнча баш коргоо чарасын жокко чыгарууну суранган", — деп айтылат маалыматта.

2016-жылдын 4-октябрында судья үч токтомду жокко чыгарган. Алар кылмыш ишин козгоо, Ч.Ю. аттуу адамды күнөөлүү катары тартуу, андан сырткары, баш коргоо чарасы (камакка алуу) боюнча эле. Жактоочунун арызында тергөөчүнүн күнөөлөнүп жаткан адамды жоопкерчиликке тартуу боюнча токтомунун мыйзамдуулугун карап чыгуу туурасында суроо коюлбагандыгы айтылган.

Омурбек Текебаев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Сот эмнеге таянып Текебаевдин өкүмүн жокко чыгарды. Адвокаттын түшүндүрмөсү
Башкы прокуратурадан судья өзүнүн ыйгарым укуктарынан аша чаап кеткендигин айтышты.

Аны "өзүнүн чечиминин мыйзамсыз экендигин билип туруп, сот өндүрүшүндөгү кылмыш иши боюнча бардык принциптерди бузган" дешти.

"Судья Д.Т. өзүнүн иштерин мыйзамдуу кылыш үчүн соттук отурумдун катчысына жасалма маалыматтарды киргизүүнү айткан. Сөз аталган сот жараянына Свердлов районунун прокурор жардамчысынын катышканы туурасында айтылып жатат. Ал жактоочунун позициясын жарым-жартылай колдогону туурасында айтылган", — деп кабарланган маалыматта.

Учурда судьяга карата козголгон кылмыш иши сотко жиберилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0