Агасын кызматка дайындаган Жалал-Абаддын мэри дагы бир агасын директор кылган

© Фото / пресс-служба горкенеша Жалал-АбадаДепутат, торага Джалал-Абадского городского кенеша Мураталы Тагаев
Депутат, торага Джалал-Абадского городского кенеша Мураталы Тагаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абибила Тагаев мэрдин буйругу менен директорлук кызматка дайындалган.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев бир тууган агасы Абибила Тагаевди "Газпром Кыргызстан" ишканасы куруп берген Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо борборуна директор кылып дайындаган. Тиешелүү буйруктун көчүрмөсү Sputnik Кыргызстан агенттигине келип түштү. 

Анда 2019-жылдын 10-апрелинен тарта Абибила Тагаев директордун милдетин аткаруучу болуп дайындалганы көрсөтүлгөн. 

© © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу2019-жылдын 10-апрелинен тарта Абибила Тагаев директордун милдетин аткаруучу болуп дайындалганы көрсөтүлгөн.
Агасын кызматка дайындаган Жалал-Абаддын мэри дагы бир агасын директор кылган - Sputnik Кыргызстан
2019-жылдын 10-апрелинен тарта Абибила Тагаев директордун милдетин аткаруучу болуп дайындалганы көрсөтүлгөн.

Мэриянын Уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы Малика Мустапакулова Sputnik Кыргызстан агенттигине мэрдин агасы кызматка дайындалганын ырастады.

"Апрель айында Абибила Тагаев Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо борборунун директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Ал комплекстин жобосун жана штаттык бирдигин түзүп, шаардык кеңештин депутаттарынын кароосуна киргизген. Үч айдан кийин мэр Мураталы Тагаевдин буйругу менен директорлук кызматка бекитилген", — деди Мустапакулова.

Ишене албайм! Абылгазиев КТ Мобайлга аралашкан бажасы боюнча үн катты. Видео - Sputnik Кыргызстан
Ишене албайм! Абылгазиев "КТ Мобайлга" аралашкан бажасы боюнча үн катты. Видео
Жалал-Абаддын мэри буга чейин да бир тууган агасы Абдималик Тагаевди мэрияга караштуу Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигине директор кылып дайындаган. Бул маалымат коомчулукка жарыялангандан кийин кескин сын айтылып, кызуу талкууга жем таштаган. Мындан улам мэрдин агасы болгону бир жума иштеп, 28-августта кызматын тапшырып кеткен.

Андан мурдараак Тагаев өзүнүн мончосунда айылдык кеңештин депутатын сабап койду деп арыз түшкөн.

Мураталы Тагаев Жалал-Абад шаарынын мэри болуп 2018-жылдын 11-июнунда шайланган. Ага чейин шаардык кеңештин төрагасы болуп иштеп турган.

Жаңылыктар түрмөгү
0