Президенттин маалымат кызматы үч жылдан бери билим берүү тармагын тескеп келе жаткан Гүлмира Кудайбердиева өз арызы менен кеткенин айтты.
Министр айым элдин эсинде эмнеси менен калганын эстөө үчүн Sputnik Кыргызстан ал тууралуу кызыктуу фактыларды даярдады.
Гүлмира Кудайбердиева 1966-жылы 23-сентябрь күнү Баткен облусунун Исфана шаарында туулган. Ошол эле шаардагы кыргыз-орус тилдүү Гагарин атындагы гимназияда окуган. Атасы инженер болгон. Ал кызы 10-классты аяктап жатканда жол кырсыгынан көз жумган. Апасы көп жыл райондук ооруканада эмгектенген. Гүлмира Кудайбердиева үч кыздын кичүүсү. Эки эжеси апасынын жолун жолдоп дарыгерликти аркалаган.
Эки жогорку билими бар. Алгач орус тили жана адабияты адистиги боюнча педагогикалык институтту актаган. Андан соң Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен юриспруденция факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун Фрунзе шаарындагы №20 орто мектепте мугалим болуп 1988-жылы баштаган.
Мурдагы министр бир уул, бир кыздын энеси. Небереси бар. Редакцияга берген маегинде жолдошу менен ажырашканына көп жыл болгонун айтып берген. Ал дагы кесиби боюнча мугалим болгон.
2000-2005-жылы Жогорку Кеңеште эмгектенген. Алгач парламенттин аппаратында депутаттын жардамчысы болуп иштеген. Андан соң мамлекеттик түзүлүш жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары болгон. 2005-жылы парламенттин аппаратынан кетип, Бишкек шаарынын Октябрь райондук билим берүү борборунун директору болуп дайындалган.
Sputnik министрлердин айлык акысы тууралуу макала даярдаган. Анда министр айымга билим берүү тармагы үчүн кылган кызматына ай сайын 35 миң 900 сом айлык чыгары, бирок колуна 28 миң 785 сом берилери белгилүү болгон. 2017-жылкы декларациясы боюнча, анын жылдык кирешеси 448 миң сомду түзгөн. Ошондой эле өзүнүн атына 92 чарчы метрлик батир катталган.
Кудайбердиева министр болуп келгенден бери каталар көп кетти. Жаңы китеп чыкса деле, форумдун аты жазылса деле, диплом, аттестаттарда деле, айтор көп жерлерде. Кызыгы, Гүлмира айым эч качан жетекчи катары күнөөсүн моюндаган эмес. Ар дайым басмакана күнөөлүү экенин айтып келген.
Дагы бир ири ката быйылкы жылдын март айында өткөн Кыргызстан менен Россия ректорлорунун форумунда трибунадагы жазуудан кеткен. Анда "Первый форум ректоров вузов Российской федерациии Кыргызской Республики "Развитие науки и образования-инвестиции в будущее" деп жазып, эки жерден ката болуп калган эле. Бирок Кудайбердиева жазуудан эч кандай ката көрбөгөнүн айтып, бул болгону типографиянын кемчилиги деп чыккан.
Мындан тышкары, диплом, аттестаттардан дагы ката чыккан. Тагыраагы, быйыл мектеп бүтүрүүчүлөрүнө берилген аттестаттарда бир нече ката бар экенин жарандар социалдык тармактарга жазган. Өз кезегинде министрлик мүчүлүштүк басмаканадан кеткенин айткан. Бул боюнча Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы иш козгогон. Натыйжада ката менен чыккан аттестаттар алмаштырылып, "Учкун" ачык акционердик коомунун бир кызматкери жумуштан алынган.
Ал эми июлдун аягында Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын бүтүрүүчүлөрү ката жазылган дипломдор берилип жатканын айтып кайрылган. Ушул эле окуу жайдын маалымат кызматы ката басмаканадан кеткенин билдирип, дипломдор оңдолгонун белгилеген. Кийинчерээк Медакадемиянын оңдоп берген дипломунан кайра ката чыкканы белгилүү болгон.
Парламент депутаты Тазабек Икрамовго "Билим берүүнүн мыктысы" наамы берилгенден кийинки окуя көпчүлүктүн эсинде болсо керек. Соцтармак колдонуучуларынын арасында нааразы болгондор көбөйүп, кийин сыйлык канчалык мыйзамдуу экенин билүү үчүн министрге кайрылууга туура келген. Ал наам ыйгарууда мыйзам бузуу болбогонун айткан эле. Ал тургай парламенттин коридорунда журналисттин суроосуна жооп берип жатып, капысынан алдынан чыга калган Икрамовдун өзүнө сөздү оодара койгон жайы бар.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Эрлан Сапарбаев өкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды.
Тийиштүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду. Өкмөттүн облустагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев орун басарын жамаатка тааныштырууга жетишти.
Сапарбаев 2008–2010-жылдары өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп иштеген. 2012-2014-жылдары Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеп турган.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстандын "Казинформ" маалымат агенттигине коңшу өлкөгө боло турчу сапары, чет өлкөлөр менен болгон мамиле жана Кыргызстандагы өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди.
Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун сөзүнөн тезистер:
Бүгүнкү күндө бизде бардык сферада мыйзамдар иштеп жатат. Мурдагы жетекчилер, министрлер, чоң аткаминерлер камалууда. Иштеп кеткенине же азыр иштеп жатканына карабастан күнөөсү болсо жетекчилер кылган ишине жараша жазасын алат. Тийиштүү тараптарга "эгер жалган жалаа жаап, камап кое турган болсоңор өзүңөр жоопкерчиликке тартыласыңар" деп айтып жатам;
Кыргызстанда 30 жылдан бери коррупция гүлдөп-өскөн. 300 үй-бүлө байып, калганы жакырланып кеткен. 30 жылдан бери чирип калган системаны жипке тизгендей алып кетүү үчүн 2-3 жыл керек;Биз мурдагылардын катасын кайталаган жокпуз. Шайлоо таза өттү. Жакында жергиликтүү шайлоо, референдум өтөт, күзүндө парламенттик шайлоо болот, баарын таза өткөрөбүз;
Мыйзам менден баштап кетмен чапкан дыйканга чейин бирдей болот;
2-3-мартта Казакстанга расмий иш сапарым менен барам. Андан кийин Өзбекстан, Кытай, Түркия өлкөлөрүнө барам. Биз бардык мамлекеттер менен мамилебизди жогорку деңгээлге жеткиргенге аракет кылышыбыз керек. Биздин саясатыбыз ушундай;
Кыргыз-казак мамилесинде чечилбеген маселелер жок. Майда-чүйдө маселелер бар, аны сүйлөшүп чечип алабыз;
Мен келгенден баштап бардык инвесторлорду коргоого алдык, бирок толук кандуу ишке аша элек. Өкмөттүн алдында инвестиция боюнча агенттик бар, жаңы Конституция кабыл алынса, ал президенттин көзөмөлүндөгү улуттук агенттикке айланат. Инвесторлорго басым жасала турган болсо, агенттик алардын кызыкчылыгын коргойт;
Токтогул суу сактагычында суу азайды. Ушул деңгээлде кете берсек келерки жылы катастрофалык абалга тушугабыз. Ошондуктан Казакстан менен Өзбекстандан электр энергиясын импорттоо маселесин карап жатабыз;Казакстан Кыргызстанга 1 миллиард киловаттка жакын электр энергиясын экспорттоого макулдугун берди;
Өзбекстан жана Тажикстан менен делимитация, демаркация маселесин 1-2 жыл ичинде бүтүрөбүз деп үмүт кылып жатабыз;
Азия, Орто Азия өлкөлөрүн Европа менен байланыштыра турган Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу боюнча улуттук долбоорубуз бар. Жибек Жолун өркүндөтүп, ортодо турган мамлекет катары биз дүйнө жүзүндөгү мамлекеттер менен дипломатиялык байланышты жолго коё алабыз деп ишенем;
Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык дейт, коңшу мамлекеттер менен бир туугандай мамиле түзөбүз.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү мунай заттарын Евразиялык экономикалык биримдиктин бажы чегинен сырткары ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну сунуштап жатат.
Бул боюнча токтом долбоору өкмөттүн сайтына жарыяланды.
Бийлик муну менен Кыргызстандагы күйүүчү-майлоочу майлардын тартыштыгын алдын алууга аракет кылууда.
Эгерде токтом долбоору кабыл алынса, ал үч күндөн соң күчүнө кирип калат. Тыюу салуу ЕАЭБдин мунай жана мунай заттары боюнча жалпы рынокторун түзгөнгө чейин уланышы мүмкүн.2021-жылдын башынан тарта 1-мартка чейин россиялык өндүрүштөн чыккан бензиндин тоннасы 300 доллардан 500 долларга чейин өскөн. Кымбаттоо 67 пайызды түзүп, орточо эсеп менен алганда күйүүчү майдын литрине 14 сомдон туура келген. Дизель майдын тоннасы 360 доллардан 470ке чыккан. Пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 14 болгон. Бул литрине сегиз сом дегенди билдирет.