Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Аманбай Кайыпов. Архивдик сүрөт

Өкмөттүн Нарындагы өкүлү кызматтан кеттиби? Кайыповдун жообу

864
(жаңыланган 11:58 05.09.2019)
Буга чейин айрым ЖМКлар жана социалдык тармактагы колдонуучулар Кайыпов иштен кетүү боюнча арыз жазганын айтып чыгышкан.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Аманбай Кайыпов кызматтан кетүү боюнча арыз жазган жок. Маалыматты өзү Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады.

Бүгүн айрым ЖМКлар жана социалдык тармактагы колдонуучулар Кайыпов отставкага кетти деп жазышкан.

"Кызматтан кетүү боюнча арыз жазган жокмун. Ордумда иштеп жатам", - деди Кайыпов.

Өкмөттүн маалымат кызматы дагы губернатор арыз жазбаганын тастыктады.

864
Белгилер:
губернатор, отставка, Аманбай Кайыпов, Нарын
Тема боюнча
Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева иштен алынды