Өкмөттүн Нарындагы өкүлү Аманбай Кайыпов. Архивдик сүрөт

Өкмөттүн Нарындагы өкүлү Аманбай Кайыпов иштен кетүү боюнча арыз жазды

467
(жаңыланган 12:47 05.09.2019)
Кайыпов аталган кызматка 2013-жылы 3-декабрда дайындалган.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов кызматынан кетүү боюнча арыз жазганын өкүлчүлүктүн маалымат кызматы тастыктады.

Белгилей кетсек, 4-сентябрда социалдык тармактарда Кайыповдун иштен кеткени боюнча кептер тараган. Бирок ал өзү да, өкмөттүн маалымат кызматы да билдирүүлөрдү четке каккан. Арыздын азырынча кабыл алынып-алынбаганы белгисиз.

Кайыпов аталган кызматка 2013-жылы 3-декабрда дайындалган.

467
Белгилер:
арыз, өкмөт, Нарын, Аманбай Кайыпов
Тема боюнча
Билим берүү министринин милдетин ким аткарат?