Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков. Архив

ЖК комитети билим берүү министри кызматына Каныбек Исаковду колдоду

263
(жаңыланган 16:44 09.09.2019)
Ош МУнун ректорун министрлик кызматка өкмөт башчы өзү сунуштады.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова билдирди.

Исаковдун талапкерлигин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштап, Жогорку Кеңештин кароосуна жиберген. Өкмөт башчынын сунушу бүгүн тармактык комитеттин жыйынында каралып колдоо тапты. Исаковду депутаттарга вице-премьер Алтынай Өмүрбекова тааныштырды.

Эми анын талапкерлигин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети карайт.

Каныбек Исаков 2011-жылдан бери Ош мамлекеттик университетинин ректору болуп иштеп жаткан.

Эске салсак, мурдагы министр Гүлмира Кудайбердиева 4-сентябрда кызматтан бошотулган. Өкмөт буга өзүнүн арызы себеп болду деп түшүндүрдү. Ал министрликти башкарып турган учурда бир топ сынга кабылган.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
263
Белгилер:
колдоо, комитет, Жогорку Кеңеш, өкмөт, Каныбек Исаков
Тема боюнча
Нарын облусуна жаңы жетекчи дайындалды
Аманбай Кайыпов башка кызматка дайындалды
АКШ президенттигине талапкер Жо Байден. Архивдик сүрөт

АКШнын атайын кызматы: Байден балп эттирсе, Путин күнөөлүү деп билгиле

32
Кремлдин тигил же бул чуулгандуу окуяга тиешесин аныктоочу ар кандай тымызын антироссиялык теориялардын ыктымалдуулук даражасын белгилеген сөздөрдүн качан түгөнөрү бүйүр кызытат.

Highly likely ("ыктымалдыгы жогору" — Скрипалдердин ишиндеги), almost certainly ("дээрлик так" – "вакцина уурдоого" айыптоолорго байланыштуу) деген сөз айкаштарын жаттап деле калдык окшойт. Эми кезектеги — probably ("ыктымал") деген сөз жаңыра баштады, ага да көнүп бүтөт окшойбуз. Бул жолу The Washington Post басылмасынан Владимир Путин АКШ президенттигине талапкер Жо Байдендин баркын кетирүү боюнча жашыруун операцияны жеке өзү "probably башкарарын" билдик. Макаланын тегерегинде жана шайлоо алдындагы жагдайга Владимир Корнилов сереп салган.

Анан да бул ЦРУнун абдан купуя докладына шилтеме кылуу менен жазылган. Өтө жашыруун өңдөнөт, WP журналисттери бир нече адамдын баяндоосунда анын кыскача мазмуну менен тааныша алышкан.

Карабахтагы абалдын курчушу Кавказдагы чырга Россияны аралаштыруу аракетиндей...

Мындай карама-каршы бүтүмдүн маңызы таасирлентпей койбойт. Көрсө, ал кайсы бир аналитиктер тарабынан "ачык, жашыруун жана купуя чалгындоочу булактардын" негизинде жазылган.

Докладдын биринчи эле сабында: "Президент Владимир Путин жана россиялык жогорку кызматтагы аткаминерлердин бир тобу АКШ президентин колдоо иретинде Кошмо Штаттардын мурдагы вице-президентин дискредитациялоого багытталган Россиянын таасир этүү жана шайлоо алдында коомдо ырксыздыкты жаратуу операцияларын жетектеп жатышы ыктымал (дал ошол probably. — авт. тактоосу)" – деп жазылган.

Чындап эле мурдагы вице-президенттин беделин түшүрүүгө далалат кылган ким?! Байдендин улам балп эттирген сөздөрүн ким даярдап берери да анык болуп калды. Анын колундагы текстке "коронавирустан 200 миллион киши каза табат" дегенди Путин жеке өзү кошуп койгон окшойт го... Алардын көз карашында, Байдендин баркын РФ президентинен башка киши түшүрө албайт тура.

Америкалык маалымат каражаттарынын көбү Ички коопсуздук министрлигинин ушуга окшош отчетуна да көңүл бурган. "Ич ара пайдалануу үчүн" деп чыгып, бирок кайдан-жайдан бардык маалыматтык сайттарга жарыяланып калган. Аталышы да "Россия 2020-жылдагы шайлоолорго таасир этүү үчүн америкалык талапкерлердин саламаттыгына доо кетирип жатышы мүмкүн".

Байкасаңыздар, "талапкерлер" деп көптүк түрдө айтылган. Ал эми америкалык басылмалардын басымдуу бөлүгүнө жарыяланган макалалар менен салыштырып, жарыялангандарына ынана турган болсок, кеп "Байдендин акыл саламаттыгына каршы россиялык чабуул" жөнүндө жүрүүдө.

Вакцина канчалык кооптуу: АКШ жооп сурап, Европа түшчү пайдасын эсептеп...

Бюллетендин өзүндө Дональд Трамптын психикалык абалына иран жана кытай чабуулу туурасында айтылганына карабастан, маалымат каражаттары бул чууга Россияны аралаштырышкан. Бирок Американын демократиялык басылмаларына баары бир. Азыркы президентти ким кандай атаса да, Байдендин акыл-эсине байланыштуу жаман айтууга болбойт. Орус-кытай-ирандык амалдуу планы иштеп кеткендей... Эгер жакында эле шайлоо кампаниясынын негизги штаттарында жүргүзүлгөн сурамжылоолорго ишенсек, ал жактагы шайлоочулардын 51 пайызы Трампты президенттик кызматка "аң-сезим жагынан жараксыз" деп эсептесе, Байден тууралуу деле ушундай ойдогулардын саны да теңме-тең. Америкалык шайлоочулардын АКШ президенттигине аттанган эки талапкердин акыл-эсинен шектенүүгө түрткү болгон нерсе – "россиялык дезинформациянын" жыйынтыгы деп боолголошот көрүнөт. Ал эми өзгөчө жүрүм-туруму бар, бөтөнчө билдирүүлөрдү ортого салчу Трамп менен Байдендин өздөрүнүн буга кымындай тиешеси жок окшойт. Адаттагыдай эле орустар айыптуу имиш.

WP басылмасындагы ЦРУнун өтө жашыруун докладынын айланасында деле окуя ушундай. Путинди күнөөлөгөн саптарынан кийин украиналык парламентарий Андрей Деркачтын иш-аракети баяндалат. Ал киши Петр Порошенко менен Жо Байдендин сүйлөшүүлөрүнөн аудиофрагменттерди улам чыгарып турганы менен белгилүү. Ал жазуулардагы бул эки кишинин үндөрүнүн аныктыгынан шектенип да коюшпайт. Бирок аны талкуулап же андан мисал келтирүү – күнөөнүн жеткен чеги.

АКШнын медиа коомчулугу сенаттын эки комитетинин жакын арада эле жарыяланган, тапандыкка сала "Хантер Байден, "Бурисма" жана коррупция" аталган докладдарына да ушундай эле караган.

Доклад кыйла көлөмдүү жана америкалык аткаминерлердин таң каларлык баяндары камтылган. Алар АКШнын жогорку жетекчилигине, анын ичинде вице-президент Жо Байденге да, мамлекеттик катчы Жон Керриге да украиналык "Бурисма" газ ишканасынын жемкорлук схемалары жана вице-президентттин уулу Хантер Байдендин бул фирмасындагы ишке байланышкан көйгөйлөр жөнүндө бир нече ирет билдирилген. Эгер Трамптын балдары жемкорлук иштерге байланышы аныкталып жана буга көз жуумп, тескерисинче, кубаттап кое турган болсо, аны маалымат каражаттары кандай тепкиге алып каларын элестетиш да кыйын.

Саясат таануучу: Трамптын Навальный жөнүндөгү "чуулуу окуяга" аралашкысы жок

Бирок сенаттын докладын маалымат каражаттарынын баары текши көз жаздымда калтырып же жөн гана "россиялык дезинформация кампаниясы" деп атап койду. Анда эмне АКШ сенаторлору "Кремлдин тыңчылары" болуп калабы?! Бирок докладда ошол эле аткаминерлердин көрсөтмөлөрү, төгүндөлгүс фактылар камтылган эмес беле. Ал аткаминерлер "Бурисманын" коррупциясы жана кенже Байдендин иши жөнүндө жогорку жакты жеке кабардар кылышкан.

Буга жооп катары демократтар өздөрүнүн контрдокладын даярдай салды. Анда атаандаш тараптардын аргументтерин бурмалоого аракет кылышкан. Анан да, албетте, демократтар сенаттын иликтөөсү "быйылкы шайлоого россиялык чабуулду" жаратты деген бүтүм чыгарган. Башкача айтканда, кайрадан эле РФ айыптуу. Кезегинде кенже Байденди Украинадагы жемкорлукка малынган фирмага дайындап, кийин анын атасына украиналык башкы прокурор Виктор Шокинди кызматтан кетирүүнү талап кылган Россиябы?!

Ошентип "Кремлдин сенаттагы жана Ак үйдөгү америкалык тыңчыларынын" аракети үчүн дагы жаңы санкцияларды күтүү керек. Анткени "probably" деп айтылганы менен РФтин "күнөөсүн далилдеп" беришпедиби...

32
Белгилер:
Жо Байден, жемкорлук, сенат, доклад, күнөө, кремль, АКШ, Россия
Тема боюнча
Америкалык газ Россиянын көгүлтүр отун алмаштыра алабы? Саресеп
Президент Сооронбай Жээнбеков

Жээнбеков БУУ саммитинде сүйлөп экологияны сактоо боюнча сунуштарын айтты

23
(жаңыланган 10:03 01.10.2020)
Жээнбеков саммитте Кыргызстан экологиялык таза продукциянын жана таза энергиянын өлкөсү экенин жар салды.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Түндө БУУнун Башкы ассамблеясынын 75 жылдык мааракесине арналган сессиянын алкагында Биоартүрдүүлүк боюнча Нью-Йоркто өткөн саммитте президент Сооронбай Жээнбеков видеобайланыш аркылуу сөз сүйлөдү. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Өлкө башчы экологиялык дипломатияны жана "жашыл экономиканы" өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын маанилүү бөлүгү болуп саналарын белгиледи.

"Биз экологиялык таза продукциянын жана таза энергиянын өлкөсүбүз. Өткөн жылдын ноябрь айында Кыргызстан климаттын өзгөрүшү тууралуу Париж макулдашуусун ратификациялады. Биздин өлкө энергиянын салттуу булактарын керектөөнү акырындык менен кыскартууну көздөйт. Кыргызстан экология чөйрөсүндөгү эл аралык демилгелерди активдүү колдоо менен бирге өз демилгелерин да сунуштап келет", — деди Жээнбеков.

Жээнбеков БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмне тууралуу сөз болду

Кыргызстан сунуштаган демилгелер:

  • Ак илбирсти сактоо боюнча эл аралык саммиттерди уюштуруу;
  • Борбор Азиядагы радиациялык коркунучтун алдын алуу боюнча резолюцияны жаңылоо;
  • Эл аралык тоолор жылын өткөрүү жана Тоолуу өлкөлөрдүн достор тобун түзүү.

Мындан сырткары, өлкө төмөнкүдөй тармактарда эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө көңүл бурганын белгиледи:

  • Биоартүрдүүлүктү жана дени сак экосистемаларды сактоо;
  • Биоартүрдүүлүк чөйрөсүндө чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү;
  • Туруктуу өнүгүүгө жетишүү үчүн "жашыл экономиканын" принциптерин пайдалануу.

Соңунда мамлекет башчы Кыргыз Республикасы биоартүрдүүлүк жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатында эл аралык аракеттерди колдоосун уланта берерин айтты. Аны менен катар айтылган идеялар менен сунуштар учурдагы экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө жардамын тийгизерине ишеним артты.

23
Белгилер:
жаратылыш, экология, билдирүү, БУУ, Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстан
Тема боюнча
Путин: БУУ бир орунда катып калбай, заманга ылайыкташуусу керек
Жээнбеков мамлекеттик карызды кечүүнү суранды. Эмнеге алмашууну сунуштады?
Дарыгер-психиатр Музурхат Курманалиев

Курманалиев: өлкөдө Альцгеймер дарты менен ооруган 300дөй киши каттоодо

0
Дарыгер-психиатр Музурхат Курманалиев көргөзмөлөргө барып, сүрөт тартып, токуп же жөн эле сейилдесе оорунун белигилери анча байкалбай деле каларын айтты.
Курманалиев: өлкөдө Альцгеймер дарты менен ооруган 300дөй киши каттоодо

Альцгеймер оорусуна чалдыккан адамдарга вагабандаж жана плюшкин синдромдору мүнөздүү. Алар түйүнчөгүн чогултуп бир жака кете тургандай камданып жана сырттан болгон керексиз эски-уску буюмдарды алып келип топтой беришет. Бул тууралуу Музурхат Курманалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Жай кыймылдаган адамдардын өмүрү кыскабы? Окумуштуулардын жообу

Анын айтымында, Альцгеймер оорусун адамдар бири-бирине жумшак, сый мамиле жасап алдын алса болот.

"Республика боюнча Альцгеймер дартына кабылган 300дөн ашык киши каттоодо турат. Бирок бул сандар айсбергдин учу эле. Туугандары маани бербеген же ооруганын билип туруп кайрылбаган адамдар көп. Өзгөчө айыл жергесинде жашаган карылар ансыз деле үйдөн чыкпайт. Аларга балдары кийим, тамагын даярдап берип, пенсиясын алып келип беришет. Ошону менен бирге ата-энесинин ооруп калганын айткандан уялгандар да бар. Качан гана кийимин кие албай, таза эле өзүн алып жүрө албай калганда ооруканага кайрылышат. Негизи адам баласы бири-бирине жумшак, мээрим менен мамиле кылса, толеранттуу болсо Альцгеймерге кабылган адамдын оорусунун белгилери анча деле билинбей калат. "Сыр аяктын сыры кетсе да сыны кетпейт" дегендей, эгер адам мурда жумшак, сөзгө көнгөн адам болсо, ооруп калгандан кийин деле андан да жумшак болуп калат. Себеби альцгеймердин негизги белгиси мүнөздүн курчушу болуп жатпайбы. Эгер ооруган адамга жакшы мамиле жасаса, ал деле ошондой жооп алат. Мындайча айтканда, альтруисттик мамилени күчөтүү керек. Бул адамдар жаш баладан да таарынчаак болуп калат", — деди Курманалиев.

Дарыгер-психиатр Альцгеймер оорусун дарылап айыктыруу, ооруну кечеңдетүү мүмкүн эместигин кошумчалады.

0
Белгилер:
психикалык абал, илдет, Альцгеймер оорусу
Тема боюнча
Алжыбай жашоонун эң жөнөкөй жолу айтылды