Жогорку Кеңеште жаңы депутат Сыдыгалиев ант берди

© Фото / сайт ЦИК КРВручение депутатского значка и удостоверения Бектену Сыдыгалиева
Вручение депутатского значка и удостоверения Бектену Сыдыгалиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сыдыгалиев буга чейинки депутат Насыр Мусаевдин ордуна келген.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңешке "Кыргызстан" фракциясынан депутат болгон Бектен Сыдыгалиев ант берди.

Сыдыгалиев буга чейинки депутат Насыр Мусаевдин ордуна келди.

2018-жылы 18-апрелде депутат болуп келген Мусаев 5-сентябрда мандаттан баш тартуу боюнча арызын жазган. Айрым ЖМКлар ал депутат болуп келгенден кийин ден соолугуна байланыштуу бир да жолу Жогорку Кеңештин жыйынына катышпаганын жазып чыгышкан.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0