Министр болчу Каныбек Исаков латын алфавитине өтүүнү колдойт

© Фото / Зульфия ТургуноваРектор ОшГУ Каныбек Исаков
Ректор ОшГУ Каныбек Исаков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү Алтынбек Сулайманов түрк тилдүү элдердин ичинен Кыргызстан эле латын алфавитине өтө электигин белгилеп, казактар 2025-жылдан тарта өткөнү жатканын кошумчалады.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов билим берүү жана илим министри кызматына талапкерлиги каралып жаткан Каныбек Исаковдон латын алфавитине өтүү боюнча пикирин сурады.

Бүгүн, 11-сентябрда, Жогорку Кеңеш билим берүү жана илим министри кызматына Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаковдун талапкерлигин карады.

"Латын алфавитине өтсөк кандай болот? Сиздин пикириңиз кандай?" — деди Сулайманов.

Өз кезегинде Исаков латын алфавитине өтүү боюнча чоң талкуулар болуп жатканын, өзгөчө түрк тилдүү элдерди бири-бирине жакындатуу боюнча аракеттер бар экенин белгиледи.

"Эгерде мамлекеттин мүмкүнчүлүгү болсо, латын алфавитине өтүүнү колдойм", — деди Исаков.

Эл өкүлү Алтынбек Сулайманов түрк тилдүү элдердин ичинен Кыргызстан эле латын алфавитине өтө электигин белгилеп, казактар 2025-жылдан тарта өткөнү жатканын кошумчалады. Депутат кыргыз тилинин грамматикасын түптөгөн Касым Тыныстанов баштаган ишти аягына чыгаруу керектигин баса белгиледи.

"Ошолордун баштаган иши аягына чыкпай калган. Аны биз калыбына келтиришибиз керек. Латын алфавитине кайтып келишибиз кажет. Биз буга чейин латын алфавитин 10 жылдан ашык колдонуп келгенбиз да. Бизге бул абдан ыңгайлуу. Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жакшы салым болот", — деди депутат.

Министр кызматына талапкер Исаков латын алфавитине өтүү аракеттери этап-этабы менен болушу керектигин белгиледи.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0