Билим берүү жана илим министрлигине талапкер Каныбек Исаков. Архив

Жогорку Кеңеш билим берүү министри кызматына Каныбек Исаковду жактырды

323
(жаңыланган 15:04 11.09.2019)
Буга чейин Исаковдун талапкерлигин тармактык комитет караган болчу.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңеш билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Исаковду жактырды.

Депутаттардын 107си Исаковдун талапкерлигин колдоого алды.

Буга чейин Исаковдун талапкерлигин тармактык комитеттер да карап, колдоого алган болчу.

Каныбек Исаков 2011-жылдан бери Ош мамлекеттик университетинин ректору болуп иштеп жаткан.

Эске салсак, мурдагы министр Гүлмира Кудайбердиева 4-сентябрда кызматтан бошотулган. Өкмөт буга өзүнүн арызы себеп болду деп түшүндүрдү. Ал министрликти башкарып турган учурда бир топ сынга кабылган.

323
Белгилер:
Билим берүү жана илим министрлиги, Жогорку Кеңеш
Тема боюнча
Министр болчу Каныбек Исаков латын алфавитине өтүүнү колдойт
Министрлик азгырык болот. Депутат министр болчу Исаковго өзгөчө каалоо айтты
Момбеков: окуучулар күнүнө 7 сомдук, ИИМдин иттери 100 сомдук тамак ичет
Президент Сооронбай Жээнбеков саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов менен онлайн кеңешме өткөрүп, коронавирус боюнча учурдагы абалды талкуулаган

Маалыматты так берип тургула. Жээнбеков министр Абдикаримов менен сүйлөштү

175
(жаңыланган 22:50 04.07.2020)
Президент министрди бейтаптардын жана дарыгерлердин муктаждыктары жөнүндө так жана өз убагында маалымат берип турууга чакырган. Буга кошумча дагы бир жолу медицина кызматкерлерин мобилизациялоо зарылдыгын белгилеген.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов менен онлайн кеңешме өткөрүп, коронавирус боюнча учурдагы абалды талкуулаган. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жээнбеков саламаттыкты сактоо системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен дагы бир жолу куттуктаган.

Президент КР Сооронбай Жээнбеков провел онлайн совещание с министром здравоохранения Сабиржаном Абдикаримовым
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Президент Сооронбай Жээнбеков саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов менен онлайн кеңешме өткөрүп, коронавирус боюнча учурдагы абалды талкуулаган
"Өлкө үчүн эң татаал учурда кесиптик милдетиңерди татыктуу аткарып жатасыздар. Дарыгерлерибиздин чоң армиясы бүгүнкү күндө элибиздин саламаттыгын жана өмүрүн сактоо максатында өз жанын унутуп коюп, айрымдары үй-бүлөсүн, балдарын көрбөй, айлап иш үстүндө болууда. Медиктерибизге терең ыраазычылык билдиребиз", — деген мамлекет башчысы.

6000ге чейин адамды тейлейт дешти. Бишкекте ачылып жаткан төрт стационардын дареги

Президент кырдаалды талдоо жана ыкчам чечимдерди кабыл алуу үчүн өз убагында прогноз кылуунун зарылдыгына министрдин көңүлүн бурган.

"Бейтаптарды кабыл алуу жана жайгаштыруу алгоритмин зарылдыгына жараша ийкемдүү өзгөртүүгө, бейтаптардын жана дарыгерлердин муктаждыктары жөнүндө так жана өз убагында маалымат берип турууга чакырды", — деп айтылат маалыматта.

Мамлекет башчысы дагы бир жолу медицина кызматкерлерин мобилизациялоо зарылдыгын белгилеген.

Президент КР Сооронбай Жээнбеков провел онлайн совещание с министром здравоохранения Сабиржаном Абдикаримовым
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Президент кырдаалды талдоо жана ыкчам чечимдерди кабыл алуу үчүн өз убагында прогноз кылуунун зарылдыгына министрдин көңүлүн бурган

Ошону менен азыркы шарттарда бейтаптарды ыкчам орундуктарга жайгаштыруу үчүн ооруканалардын бирдиктүү санарип картасын иштеп чыгуунун маанисин баса белгилеген.

Пневмониядан дарылоо үчүн Бишкекте дагы үч стационар ачылды. Дареги

Мындан тышкары, дары-дармектердин жана медициналык каражаттардын тартыштыгына жана баасын жасалма жогорулатууга жол бербөө максатында рынокту көзөмөлдөөнү айткан.

"Мындай нерселер жазасыз калбашы керек. Бул багытта Финансы полициясы иш алып барууда. Саламаттыкты сактоо министрлиги дагы ар дайым мониторинг жүргүзүп, маалыматтарды ыкчам берип турууга милдеттүү", — деген Жээнбеков.

Ал дарыгерлердин айлык акысы үзгүлтүксүз, убагында берилишин, медицина кызматкерлерин тамак-аш менен камсыз кылуу жана анын сапаты министрдин көзөмөлүндө болушу керектигин билдирген.

Абдикаримов жогорку окуу жайлардын ректорлору менен макулдашылып, медициналык факультеттердин жогорку курстарынын 70ке жакын студенттери ишке тартылганын, дагы 30 студент Тез жардам кызматтарынын катарын толуктаганын маалымдаган.

"Коопсуздук кеңешинин чечимдерин ишке ашыруунун алкагында Бишкек шаарында алгачкы медициналык жардам көрсөтүү үчүн төрт стационардык борбордо 7 000 кошумча орун уюштурулуп, ага үч дарыгер жана 6 медайым жөнөтүлөт", — деп айтылган маалыматта.

Дарыны компаниялар эмес, ташып келгендер кымбаттатып жатканы айтылды

Пилоттук долбоордун алкагында коронавирусу бар бейтаптар үчүн атайын адистештирилген жерлерде бош орундуктардын эсеби жүргүзүлүп, бардык ооруканалардан келип түшкөн маалыматтар бирдиктүү базага киргизилери айтылган.

Министр рыноктун анализи жүргүзүлүп, дары-дармектердин баасын кыйла жогорулатып жибергендердин тизмеси түзүлгөнүн жана ал Республикалык штабга жөнөтүлгөнүн кошумчалаган.

175
Белгилер:
Сабыржан Абдикаримов, Сооронбай Жээнбеков, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Боронов: Россияда иштеген кыргыз дарыгерлер жардамга даяр, учак менен алып келебиз
Кырдаал оор экен. Россиялык эксперттер ооруканаларга барып, КРдеги абалга баа берди
АКШнын президенти Дональд Трамп

Президент Жээнбеков Трампты АКШнын көз карандысыздык күнү менен куттуктады

46
(жаңыланган 14:47 04.07.2020)
Кыргызстан президенти Трампка бекем ден соолук жана ийгилик, АКШ элине тынчтык менен өсүп-өнүгүү каалаган.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Американын президенти Дональд Трампты АКШнын көз карандысыздык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, КРдин президенти Америка Кошмо Штаттарынын улуттук майрамы болгон көз карандысыздык күнү менен куттуктаган телеграмма жолдоду.

"Биздин өлкөлөрдүн ортосунда калыптанган достук мамилелер мындан дагы тыгыз саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, эл аралык уюмдардын алкагында көп тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө жакшы негиз түзөт деп ишенем. Өз кезегинде, Кыргызстан АКШ менен алаканы чыңдоо жана кеңейтүү үчүн мындан ары дагы бардык күч-аракеттерин жумшайт деп ишендиргим келет", — деп жазылган куттуктоодо.

Жээнбеков Путин менен сүйлөшүп, жардамы үчүн ыраазычылык билдирди

Жээнбеков ошондой эле Трампка бекем ден соолук жана ийгиликтерди, АКШ элине тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

46
Белгилер:
Дональд Трамп, АКШ, Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстан
Тема боюнча
Жээнбеков Бердымухамедовду туулган күнү менен куттуктады
Жээнбеков медиктерди куттуктады: ыраазымын, журт жүгүн көтөрүп жатасыңар
Член медицинского персонала утешает пациента в отделении интенсивной терапии COVID-19 в Объединенном мемориальном медицинском центре 2 июля 2020 года в Хьюстоне, штат Техас.

Коронавирустан өткөн суткада 10 киши өтүп кетти

0
(жаңыланган 10:54 05.07.2020)
Бүгүнкү статистиканы кошкондо, өлкөдө COVID-19 жугузуп алып каза болгон кишилердин саны 88ге жетти.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада 10 бейтап коронавирустан каза болду. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Ага ылайык, төрт бейтап Бишкектеги Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканадан каза тапкан. Алар 64, 66, 69 жаштагы эркектер жана 64 жаштагы аял киши.

Ошондой эле Ноокат аймактык ооруканасынан 60 жаштагы эркек киши, Жайыл аймактык ооруканасынан 80 жаштагы аял, Москва аймактык ооруканасынан 35 жаштагы эркек жана Токмок аймактык ооруканасынан 59 жаштагы аял каза болгон.

Мындан тышкары, Ысык-Ата аймактык ооруканасынан 62 жаштагы аял жана Кочкор аймактык ооруканасынан 81 жаштагы эркек киши көз жумган.

Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жугузуп алып каза болгондордун саны 88 кишиге жетти.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

0
Белгилер:
бейтап, өлүм, оору, коронавирус, Кыргызстан