Токой чарбасы агенттигинин жетекчиси депутаттын сынына калды

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаседание депутатов Жогорку Кенеша
Заседание депутатов Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алмазбек Токторов Жогорку Кеңешке ратификация үчүн алып келинген документтерди кесипкөй кызматкерлер даярдашы керектигин эскертти.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Мирслав Аманкулов депутаттардын суроолоруна так жооп бере албаганы үчүн сынга кабылды.

Итоги экономики года в Кыргызстане  - Sputnik Кыргызстан
КР ишкерлери капиталын чет жакка алып кетип жатат. Депутаттар коңгуроо кагууда
Жогорку Кеңеш 12-сентябрдагы жыйынында "2015-жылдын 12-декабрында Париж шаарында кол коюлган Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Алкактык Конвенциясы боюнча Париж макулдашуусун Кыргызстан тарабынан ратификациялоо тууралуу" мыйзамдын долбоорун карады. Ал биринчи окууга киргизилет.

Депутат Алмазбек Токторов Жогорку Кеңешке ратификация үчүн алып келинген документтерди кесипкөй кызматкерлер даярдап алып келиши керектигин эскертти.

"Азыр депутаттар уулуу заттар тууралуу суроо берсе, сиз парник газдары тууралуу айтып жатасыз. Жооп берип жатканда жоопкерчилик менен жооп бериңиз да, эптеп эле бир нерсе деп койсом болот дебеңиз", — деди депутат.

Өз кезегинде Аманкулов депутаттар айткан эскертүүлөрдөн жыйынтык чыгарарын, ага мүмкүнчүлүк берүүнү суранды. Эл өкүлү Токторов "мүмкүнчүлүк болот, сиз жаңы келдиңиз" деген пикирин билдирди.

Эске салсак, Аманкулов Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору болуп 2019-жылы 6-сентябрда дайындалган болчу.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0