Абылгазиев Тажикстандын премьер-министри менен жолукту. Козголгон маселелер

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевВстреча премьер-министров Мухаммедкалыя Абылгазиева и Кохиры Расулзоды на контрольно-пропускном пункте "Кызыл-Бел"
Встреча премьер-министров Мухаммедкалыя Абылгазиева и Кохиры Расулзоды на контрольно-пропускном пункте Кызыл-Бел - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчылар кыргыз-тажик чек арасындагы "Кызыл-Бел" көзөмөл-өткөрмө пунктунда жолугуп сүйлөшкөн.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Тажикстандын өкмөт башчысы Кохир Расулзода менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Эки тараптын жолугушуусу кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы "Кызыл-Бел" көзөмөл-өткөрмө пунктунда болду.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалды жөнгө салуу боюнча маселелер талкууланды.

"Эки өлкөнүн өкмөт башчылары курал колдонулган окуя аскерлердин өлүмүнө алып келгенине өкүнүч билдирип, курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтышты. Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча биргелешкен иштерди активдештирүү жана топтолуп калган көйгөйлөрдү жоюу маселесин ортого салышты", — деп айтылат маалыматта.

Абылгазиев жана Расулзода буга чейин жетишилген макулдашууларды сактоо жана келип чыккан маселелерди чечүүдө конструктивдүү мамилени кармана тургандыгын ырасташкан.

Похороны погибшего военнослужащего отряда специального назначения Бору ГПС КР Равшана Муминова - Sputnik Кыргызстан
Чек ара чырында көз жумган жоокер жерге берилди. Тажияга Абылгазиев катышты
Өкмөт башчылардын тапшырмасы менен маселени тез арада чечүү үчүн
вице-премьерлер менен чек ара кызматынын жетекчилери эртең да биргеликте иштөөнү улантат.

Эске салсак, 2019-жылдын 16-сентябрында кечке жуук тажик чек арачылары Лейлек районундагы Максат жана Сай чек ара бекеттерине ок аткан. Анын кесепетинен Кыргызстандан бир аскер каза болуп, 13 киши жаракат алды. Жабырлануучулардын жетөө аскер кызматкери болсо, алтоо — жай тургундар. Баарына медициналык жардам берилип, 10 бейтап Бишкекке учак менен алып келинди. Эки аскердин абалы оор.

Мындан сырткары, Тажикстандын да үч аскери чек арадагы атышуунун кесепетинен каза болгону айтылды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0